Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 1
Ала-Тоо айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн административдик чек ара схемалык картасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ала-Тоо айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Ала-Тоо айылдык кеңеши мекемеси төмөнкүдөй токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2.Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасына жана Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |