Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 29-майы № 05/2-17/117
“Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору” мамлекеттик мекемесинин жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты жөнүндө
Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматтын (мындан ары - Кызмат) алдындагы “Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору” мамлекеттик мекемесинин жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин:
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) Санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгы:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдөгү жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук расмий күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен кагаз жана электрондук түрүндө маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 9-ноябры № 397-НИ “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаментинин жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жөнүндө” буйругу күчүн жоготуу деп таанылсын.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо мал-чарба тармагын тескеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин м.у.а, министрдин биринчи орун басары |
| Ж.Керималиев |
|
| Тиркеме |
| 1. Мамлекеттик кызматтын паспорту | |
1 | Кызматтын аталышы, ошондой эле кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун аны көрсөтүү процессиндеги аракеттеринин кыскача баяндамасы
| Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы диагностикалык, дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дезакаризациялык каражаттардын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү – Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин 5-главанын 31-пункту |
2
| Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, ветеринардык багыттагы диагностикалык, дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дезакаризациялык каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары – Борбор) |
3
| Мамлекеттик кызматтын керектөөчүлөрү | Юридикалык жана жеке жактар |
4
| Мамлекеттик кызмат алуунун укуктук негиздери | –“Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматын алдындагы “Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобосу; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 “Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу маселелери жөнүндө” токтому; – 2014-жылдын 22-майындагы № 268 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун токтому менен бекитилген “Тоюттардын жана тоют кошулмаларынын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламентти тууралуу; |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Каттоо күбөлүгү; Сапаты жөнүндө корутунду. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү жүзөгө ашырылат: – белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; – жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде майыптыгы бар адамдарга кармагыч, пандустар менен жабдылган имарат, жайлар; – жандуу / электрондук кезек иретинде. Имараттарда күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошулууга мүмкүн болбосо – короодогу ажатканалар), жылуулук системасы, суу түтүктөрү жана телефон болушу керек. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тылдын эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, майыптыгы бар адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 20 мүнөт. Чектелген убакыт: - ветеринардык дары каражатарын жана тоют кошулмаларын мамлекеттик каттоо жана ветеринардык дары каражатарын каттоону ырастоонун жалпы мөөнөтү - 45 жумушчу күнү (бул мөөнөткө арыз ээси төлөм жүргүзүшү жана зарыл болсо, талап кылынган документтерди жана маалыматтарды берүүчү мөөнөттөр кирбейт); – төлөм ырасталган күндөн тартып өзгөртүүлөрдү киргизүү мөөнөтү: – ветеринардык дары препаратынын каттоо досьесине экспертиза жүргүзүү жана ветеринардык дары каражатынын үлгүлөрүнө экспертиза жүргүзүү менен – 45 жумушчу күн; – ветеринардык дары препаратынын каттоо досьесине экспертиза жүргүзүү менен жана ветеринардык дары каражатынын үлгүлөрүнө экспертиза жүргүзбөстөн – 20 жумушчу күн; – ветеринардык дары препаратынын каттоо досьесине жана ветеринардык дары каражатынын үлгүлөрүнө экспертиза жүргүзбөстөн – 10 жумушчу күн. Ветеринардык дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүү менен сапаты жөнүндө корутунду берүү: – лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү менен сапатын баалоо – 30 жумушчу күндү түзөт; – ветеринардык дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүү мөөнөтү лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзбөстөн - 10 жумушчу күндү түзөт. Жыйынтык берүүгө чектелген убакыт – 30 мүнөт |
| 2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндөгү маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: – Борбордон төмөнкү дарек боюнча: 720040, Бишкек ш., Киев, 96 “А”; иш графиги: Дүйшөбү – Жума, 9-00дөн 18-00гө чейин, түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин; – Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); – агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан: (https://agro.gov.kg/ ); – ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан: (http://www.gvfi.gov.kg/); – жазуу жүзүндөгү кайрылуу боюнча (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); – оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке сүйлөшүүдө); – Борбордун электрондук почтасы аркылуу ccrvp@bk.ru; Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты берүү ар кандай кайрылган адамга акысыз негизде кепилденет. |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: – ЖМК (гезит, үналгы, телекөрсөтүү, маалымат сайттары); – агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты: (https://agro.gov.kg/ ); – ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан: (http://www.gvfi.gov.kg/); – электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); – маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; – жеке кайрылуу жана телефон (+996 312) 622 735 аркылуу байланышуу, электрондук дарек ccrvp@bk.ru; – агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; Даректери, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иштөө режимдери, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге Борбордун тактасында, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат; |
| 3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана Борбордун кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат тактача илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак-ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Ветеринардык дары каражатарын экспертиза жүргүзүү үчүн кагаз жана/же электрондук формада берүү керек: 1. Ветеринардык дары каражаттарын мамлекеттик каттоо үчүн: – белгиленген үлгүдөгү сунуштама-кат жана арыз; – ветеринардык дары препаратын өндүрүүчү өлкөдө жана башка өлкөлөрдө каттоо жөнүндө сертификат (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү). – ветеринардык дары каражатына, субстанцияларга жана көмөкчү заттарга шайкештик сертификаты. – GMP талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын сертификаты. – сапатты контролдоо үчүн колдонулуучу ченемдик документ. – ветеринардык дары каражатынын туруктуулугун изилдөө боюнча аналитикалык документтер. – тажрыйбалык-өнөр жайлык же технологиялык регламент (ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн). – маркалоосу бар стандарттуу таңгактын үлгүсү. – патенттин көчүрмөсү же анын патенттик тазалыгын күбөлөндүрүүчү патенттик формуляр (патенттик коргоо бар болсо). – товардык белгинин катталгандыгын күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү (товардык белгини коргоо бар болсо). – ветеринардык практикада колдонуунун натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча эксперименталдык маалыматтар. – төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде колдонуу боюнча нускама: – өндүрүүчү фирма жөнүндө маалыматтар; – ветеринардык дары препаратынын аталышы жана анын курамы; – фарма дарылык тобу; – көрсөтмөлөр жана каршы көрсөтмөлөр; – кыйыр таасирлер; – колдонуу ыкмасы жана сактоо шарттары; – ветеринардык дары препаратын азык жаныбарларына колдонгондон кийин жаныбарлардан алынуучу тамак-аш чийки затын мүмкүн болгон алуу мөөнөттөрү; – микроорганизмдердин (вирустардын, бактериялардын, козу карындардын жана башкалардын) штаммдарынын касиеттерин, аларды өстүрүү, биологиялык каражаттын иммуногендүүлүгүн, анын авируленттүүлүгүн, зыянсыздыгын, таасирдүүлүгүн изилдөө методдорун, мал чарба продукциясын колдонуудан кийин пайдалануу мөөнөттөрүн жана тартибин сыпаттоо; – дооматтарды кабыл алууга ыйгарым укуктуу уюм (дооматтарды кабыл алууга ыйгарым укуктуу уюмдун толук аталышы, анын жайгашкан жери (юридикалык жактын дареги) жана иш жүргүзгөн жеринин дареги (даректери) (эгерде даректер айырмаланган учурда), телефон номери жана электрондук почта дареги көрсөтүлөт). – шайкештик сертификаты менен 3 жолку талдоо үчүн ветеринардык дары каражаттарынын үлгүлөрү, өндүрүүчүнүн, иммунологиялык (иммунобиологиялык) ветеринардык дары препаратынын шайкештик сертификаты менен ветеринардык дары каражаттарынын жана аралашмалардын стандарттык үлгүлөрү, референс-стандарттары микроорганизмдердин штаммдарын же тест-системаларын (эгерде метод фармакопеялык болуп саналбаган учурда), спецификалык реактивдерди (зарыл болсо) билдирет. 1.1. Ветеринардык дары каражатын каттоону ырастоо үчүн: – ушул стандарттын 12-пунктунун 1-пунктчасына ылайык документтердин тизмегине ылайык; – ветеринардык дары каражатарынын каттоо мезгили үчүн мезгилдүү отчет анын иш жүзүндөгү жүгүртүү мезгилин эске алуу менен (кагаз түрүндө жана электрондук түрдө), Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы № 1 “Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында ветеринардык дары каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу эрежелери жөнүндө” чечиминин 13-тиркемесине ылайык форма боюнча отчет. 1.2. Ветеринардык дары каражатынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн: – өзгөртүү киргизилүүчү маалыматтардын аталышы, өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн шарттары жана катталган ветеринардык дары препаратынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн зарыл документтер Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы № 1 “Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында ветеринардык дары каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу эрежелери жөнүндө” чечимине ылайык документтер талап кылынат. 2. Тоют кошулмаларын мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн электрондук жана (же) кагаз түрүндөгү формада тапшыруу зарыл: – мамлекеттик каттоону өткөрүүгө белгиленген формадагы арыз; арыздануучунун аты-жөнү, дареги, турган жери; продукциянын чыгарылышы тууралуу документтер, мамлекеттик каттоонун объектисинин касиетин мүнөздөгөн сүрөттөө; – продукциянын чет өлкөлөрдө катталганы жана колдонулушу тууралуу маалымат; – аккредиттелген сыноо лабораториясында жүргүзүлгөн жаңы түрүнүн үлгүсүн изилдөөнүн (сыноонун) натыйжалары; – тоютту же тоют кошумчасын колдонуу боюнча нускаманы; – коопсуздукту жана сапатты контролдоо методу боюнча ченемдик документтерди. – маркировкасы бар стандарттуу таңгактын үлгүсү. – үч жолку анализ үчүн үлгүлөр жана шайкештик сертификаты. Каттоо документтери: А4 форматындагы кагаздын бир бетинде “Times New Roman” 14 шрифти менен басылган үч нускада, мамлекеттик же расмий тилдерде жана каттоо досьесинин электрондук варианты берилет. 3. Ветеринардык дары каражаттарынын сапаты жөнүндө корутунду алуу үчүн электрондук жана (же) кагаз түрүндөгү формада тапшыруу зарыл: –белгиленген форма боюнча кат жана арыз; – ветеринардык дары каражатын өндүрүүчү тарабынан берилген ветеринардык дары каражатынын сапаты жөнүндө документ (сапат сертификаты же талдоо сертификаты, же аналитикалык паспорт же талдоо протоколу, же сыноолор протоколу); – ветеринардык дары каражатын өндүрүүчү (сатуучу) менен түзүлгөн жеткирип берүү контрагынын (келишиминин) көчүрмөсү (ташылып келүүчү ветеринардык дары каражаттары үчүн); – бажы декларациясынын (каражаттардын көлөмүн ырастоочу) көчүрмөсү жана товарды коштоочу документтердин көчүрмөлөрү; – эсеп-фактуранын көчүрмөсү, транспорттук коштомо кагаз; – Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы ветеринардык инспекторунун уруксаты; – сапат боюнча ченемдик документ (алар ыйгарым укуктуу органдын маалымат базасында жок болсо же эгер бул документ сапатка баалоо жүргүзүү үчүн зарыл болсо); – Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган же таанылган ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүгө (даярдоого) жана сатууга лицензиянын көчүрмөсү. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кызмат көрсөтүү максатында арыз берүүчү тууралуу маалыматты башка мамлекеттик органдардан «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алууга укуктуу. |
13
| Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал кызмат көрсөтүү жерлеринде маалымат такталарына жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
14
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: – колдонуучу үчүн актуалдуулугу; – кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; – жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; – жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; – кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; – мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; – жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
| Электрондук маалыматтык система болгондо кызмат көрсөтүү электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү алууга суроо - талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт- portal.tunduk.kg. Эскертүү: кызмат көрсөтүүгө электрондук арыз берүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында каттоодон өтүшү керек |
| 4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | |
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет: – кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамдын аны алууга укугу же башка жактын атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок болсо; – керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толук бербегенде; – ветеринардык дары препараттарынын курамында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында азык жаныбарлары үчүн колдонууга тыюу салынган заттарды жана материалдарды колдонуулган учурда; – берилген документтерде чындыкка дал келбеген маалыматтардын болушу; – мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы төлөнбөгөндө же төлөөдөн баш тартканда; – арыз ээси тарабынан ветеринардык дары препараттарынын үлгүлөрүнүн жана зарыл болгон учурда анын сапатын контролдоо методдорун кайра чыгаруу үчүн башка спецификалык материалдардын, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабына жооптун (анын ичинде каттоо досьесинин оңдолгон документтерин) белгиленген мөөнөттө берилбеши; – каражатты колдонуу боюнча нускаманын долбоорлорунун текстинин мамлекеттик жана расмий тилдерде котормосунун берилбеши; – билдирилген ветеринардык дары препаратынын натыйжалуулугуна, коопсуздугуна жана сапатына экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө эксперттик корутундуну түзүүгө жооптуу эксперт тарабынан каттоо досьесинин ырасталбашы” – каттоо жүргүзүү учурунда эксперттик корутундуну түзүүгө жооптуу каттоо досьесинин экспертинен күтүлүүчү пайдадан жаныбарлардын жашоосуна, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү менен байланышкан тобокелдиктин басымдуу экендигин күбөлөндүргөн жаңы маалыматтарды алуу; – сапатты баалоо процедурасында терс жыйынтыктар. |
17
| Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен Борборго, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, берилген датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар Борбордун, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Борбордун чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу |
18
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес каралып туруусу керек. |