Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 8-августу № 192
"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 638-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Соттук-эксперттик изилдөөнүн ыкмасы - соттук экспертизанын предметине тиешелүү иш жүзүндөгү маалыматтарды аныктоо үчүн соттук экспертизанын объекттерин иликтөөдө колдонулуучу логикалык жана (же) инструменталдык операциялардын (жолдордун, ыктардын) системасы.
Соттук-эксперттик изилдөөнүн усулу - соттук экспертизанын предметине тиешелүү иш жүзүндөгү маалыматтарды аныктоо үчүн соттук экспертизанын объекттерин иликтөөдө колдонулуучу ыкмалардын системасы.
Валидация - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү соттук-эксперттик изилдөөнүн ыкмаларын жана усулдарын пайдалануунун жарактуулугун баалоо.";
2) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Соттук-эксперттик иш
1. Соттук-эксперттик иш мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар, ошондой эле мамлекеттик эмес соттук эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Соттук-эксперттик иш төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук экспертизаларды жүргүзүүнү;
2) соттук экспертиза жана илимий-усулдук жактан камсыз кылуу жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;
3) соттук экспертизанын теориясын жана практикасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын түзүүнү;
4) соттук эксперттин ведомстволук таандыктыгына карабастан эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө бирдиктүү усулдук мамилени иштеп чыгууну жана камсыз кылууну.";
3) 13-беренеде:
а) 1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Соттук-эксперттик иштер негизги иши болуп саналган уюмдар мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар болуп таанылат. Соттук-эксперттик уюмдун штатында алар үчүн бул негизги иш орду болуп саналган жана алардын квалификациясынын деңгээли белгиленген тартипте берилген компетенттүүлүк сертификаты менен ырасталган эксперттер турууга тийиш.
Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же эл аралык стандарттарга шайкештигин аныктоого ыйгарым укуктуу болгон башка органдар (уюмдар) тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылуучу соттук экспертиза чөйрөсүндөгү сапат стандарттарына ылайык келүүгө шайкештиги боюнча аккредитациядан ыктыярдуу негизде өтүүгө укуктуу.
Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар тарабынан гана жүргүзүлүүчү экспертизалардан тышкары, соттук экспертизалардын бардык түрлөрүн жүргүзөт.
Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар жарылуучу техникага экспертиза, баңгизат каражаттарына, психотроптук заттарга жана прекурсорлорго экспертиза жүргүзбөйт.";
4) 14-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Соттук эксперт катары төмөнкүлөр чыга алат:
1) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу тартибинде соттук экспертизаны жүргүзүүчү соттук-эксперттик уюмдун (мамлекеттик жана мамлекеттик эмес) кызматкери;
2) соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификаты бар соттук-эксперттик уюмдардан тышкары жеке иш жүргүзгөн жеке жактар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук экспертизаны жүргүзүү үчүн бир жолку тартипте тартылган башка жактар.
Статусу тиешелүү башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталган укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүнүн эксперттерин кошпогондо, мамлекеттик соттук эксперт мамлекеттик кызматчы болуп саналбайт.";
б) 3-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Соттуулугу бар адамдар, анын жоюлганына же алып салынганына карабастан, соттук эксперт катары тартыла албайт.";
- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Экспертке карата коюлуучу кесиптик жана квалификациялык талаптар
1. Атайын илимий билимге ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан экспертиза жүргүзүү үчүн берилген өзүнүн квалификациясын ырастоочу компетенттүүлүк сертификаты бар Кыргыз Республикасынын жараны же чет өлкөлүк жаран эксперт боло алат.
2. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдарда эксперттин кызмат ордун жогорку кесиптик билими бар жана конкреттүү эксперттик адистик боюнча кийинки атайын даярдыктан өткөн жаран ээлей алат.
3. Эксперттердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктоо мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат. Эксперттердин кесиптик даярдыгынын деңгээли аталган комиссиялар тарабынан ар бир 5 жылда кайра каралып турууга тийиш.";
6) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Соттук эксперттердин мамлекеттик реестри
1. Соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн тиешелүү сертификаты бар адамдар жөнүндө маалыматтар Соттук эксперттердин мамлекеттик реестрине киргизилет, аны түзүүнүн жана пайдалануунун максаттары, тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатынын колдонулушун токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу жөнүндө маалыматтар Соттук эксперттердин мамлекеттик реестрине киргизилет.";
7) төмөнкүдөй мазмундагы 21-глава менен толукталсын:
"21-глава. Кыргыз Республикасынын Соттук эксперттер палатасы
231-берене. Соттук эксперттер палатасы
1. Соттук эксперттер палатасы соттук-эксперттик ишти өнүктүрүү, мамлекеттик эмес соттук эксперттердин ишин координациялоо, ошондой эле алар тарабынан соттук-эксперттик иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн түзүлүүчү өз алдынча башкарылуучу кесиптик уюм болуп саналат.
2. Соттук эксперттер палатасы жарандык коомдун институту катары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасына кирбейт жана өз ишин ушул Мыйзамга жана соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Соттук эксперттер палатасынын уставына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Соттук эксперттер палатасы өз алдынча уюштуруу-укуктук формасы бар коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
4. Соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатынын негизинде соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашыруучу адамдар Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрү болуп саналат.
5. Мамлекеттик органдардын соттук эксперттерин кошпогондо, Соттук эксперттер палатасына мүчөлүк милдеттүү болуп саналат.
6. Ушул Мыйзамдын 14-беренесинин талаптарына ылайык келбеген учурларды кошпогондо, компетенттүүлүк сертификатынын негизинде соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашыруучу адамга Соттук эксперттер палатасынын мүчөлүгүнөн баш тартууга мүмкүн эмес.
7. Соттук эксперттер палатасынын ишин каржылоо мүчөлүк төгүмдөрдүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
8. Соттук эксперттер палатасы соттук эксперттердин квалификациясын жогорулатуу үчүн окуу борборун түзүүгө укуктуу.
9. Соттук эксперттер палатасы облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында өзүнүн аймактык өкүлчүлүктөрүн түзүүгө укуктуу. Соттук эксперттер палатасынын аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Соттук эксперттер палатасынын кеңеши тарабынан дайындалат.
10. Соттук эксперттер палатасынын аймактык өкүлчүлүктөрү өз ишин Соттук эксперттер палатасы бекиткен жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
232-берене. Соттук эксперттер палатасынын башкаруу органдары
1. Соттук эксперттер палатасынын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн съезди;
2) Соттук эксперттер палатасынын кеңеши.
2. Соттук эксперттер палатасынын төрагасы болуп Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин төрагасы саналат.
3. Соттук эксперттер палатасынын башкаруу органдарын түзүү тартиби жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам жана анын уставы менен белгиленет.
233-берене. Соттук эксперттер палатасынын уставы
1. Соттук эксперттер палатасынын уставында төмөнкүлөр каралууга тийиш:
1) фирмалык аталышы, жайгашкан жери жана ишинин негизги түрлөрү;
2) Соттук эксперттер палатасынын максаттары, милдеттери жана функциялары;
3) башкаруу органдарын түзүү тартиби жана ыйгарым укуктары;
4) Соттук эксперттер палатасына кирүү шарттары жана тартиби;
5) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
6) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу тартиби;
7) Соттук эксперттер палатасынын мүлкүн түзүү жана пайдалануу тартиби;
8) уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;
9) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө тартиби;
10) чыгымдар сметасы боюнча отчет берүү тартиби;
11) аймактык өкүлчүлүктөрдү, башкаруу органдарын түзүүнүн, иштөөсүнүн тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;
12) Соттук эксперттер палатасынын этика боюнча комиссиясын түзүү тартиби жана ыйгарым укуктары;
13) Соттук эксперттер палатасын кайра уюштуруу жана жоюу тартиби.
2. Соттук эксперттер палатасынын уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн.
234-берене. Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн съезди
1. Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн съезди башкаруунун жогорку органы болуп саналат.
Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн съездинде Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда - төраганын орун басары төрагалык кылат.
2. Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн съезди Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин чечими боюнча жылына бир жолу чакырылат, анда съезддин датасы, убактысы жана өткөрүү орду белгиленет. Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн кезексиз съезди Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн биринин чечими боюнча же Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 10 пайызынан кем эмесинин демилгеси боюнча чакырылат.
3. Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн съездинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) иштин негизги багыттарын аныктоо;
2) Соттук эксперттер палатасынын уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу же уставды жаңы редакцияда кабыл алуу;
3) Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин, этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүн Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин жана этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн резервдик тизмелерине шайлоо;
5) Соттук эксперттер палатасынын аймактык өкүлчүлүктөрү жана комиссиялары жөнүндө жоболорду бекитүү;
6) Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин жана этика боюнча комиссиянын отчетторун бекитүү;
7) мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмдөрүн аныктоо жана бекитүү, аларды төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик эмес соттук эксперттердин жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдардын ишинин бирдиктүү тарифтик саясатын жүзөгө ашыруу;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.
235-берене. Соттук эксперттер палатасынын кеңеши
1. Соттук эксперттер палатасынын кеңеши Соттук эксперттер палатасынын коллегиалдуу аткаруучу органы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган, соттук-эксперттик иште жети жылдан кем эмес стажы бар мүчөлөрүнүн ичинен Соттук эксперттер палатасынын съездинде жашыруун добуш берүү менен 7 адамдан үч жылдык мөөнөткө шайланат. Соттук эксперт катары менен эки мөөнөттөн ашык Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин мүчөсү болуп шайлана албайт.
Соттук эксперттер палатасынын кеңеши өзүнүн курамынан төраганы жана анын орун басарын жашыруун добуш берүү аркылуу Кеңештин мүчөлөрүнүн жаппы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт.
2. Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жаңы курам шайланганга чейин сакталат.
3. Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Соттук эксперттер палатасынын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн ишин координациялоону жүзөгө ашыруу;
2) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн мамлекеттик органдар, башка юридикалык жактар менен болгон мамилелеринде соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашырууда алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;
3) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу программасын бекитүү жана бул программалар боюнча кесиптик окутууну уюштуруу;
4) соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатын алууга талапкер адамдардын квалификациялык экзамендерди тапшыруусу үчүн аларды даярдоого усулдук жардам берүүнү жүзөгө ашыруу;
5) соттук-эксперттик иштин маселелери боюнча илимий-усулдук материалдарды иштеп чыгуу;
6) этика боюнча комиссиянын компетенциясына кирбеген жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароо;
7) соттук-эксперттик иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын ченем чыгаруу ишине катышуу үчүн Соттук эксперттер палатасынын өкүлдөрүн жиберүү;
8) Соттук эксперттер палатасынын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн ишин текшерүүнү жүргүзүү;
9) соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга катышуу;
10) квалификациялык жана аттестациялык комиссиялардын курамына киргизүү үчүн Соттук эксперттер палатасынын өкүлдөрүн жиберүү;
11) соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал бекиткен форма боюнча Соттук эксперттер палатасынын иши жөнүндө маалымат берүү;
12) Соттук эксперттер палатасынын уставына ылайык башка ыйгарым укуктар.
4. Соттук эксперттер палатасынын кенешинин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышкан учурда укуктуу болот.
Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
5. Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин мүчөлөрүнүн биринин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, анын ордун Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн съездинде бекитилген резервдик тизмеде турган кезек боюнча кийинки талапкер ээлейт.
Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси Кеңештин мүчөлөрү шайланган мөөнөткө түзүлөт.
236-берене. Этика боюнча комиссия
1. Этика боюнча комиссия ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселелерди кароо боюнча Соттук эксперттер палатасынын кеңешине көз карандысыз орган болуп саналат.
Этика боюнча комиссия 5 мүчөдөн үч жылдык мөөнөткө шайланат. Мында соттук эксперт - этика боюнча комиссиянын мүчөсү соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө беш жылдан кем эмес стажга ээ болууга тийиш.
Этика боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Соттук эксперттер палатасынан үч өкүл;
- соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө саясат жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эки өкүлү.
Этика боюнча комиссия өзүнүн курамынан төраганы жашыруун добуш берүү аркылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт. Бир эле адам этика боюнча комиссиянын мүчөлүгүнө катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
2. Соттук эксперттер - этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү этика боюнча комиссиядагы ишин негизги иши менен айкалыштыра алышат. Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү бир эле убакта Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин мүчөсү боло албайт.
3. Этика боюнча комиссиянын жыйналышы комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышканда укуктуу болуп эсептелет.
4. Этика боюнча комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн соттук эксперттин милдеттерин жана соттук эксперттин этикасын бузгандыгы боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо;
2) тартиптик практиканы жалпылоо;
3) ушул Мыйзамга ылайык башка маселелер.
5. Этика боюнча комиссия арызды, даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатынын колдонулушун токтото туруу, токтотуу же болбосо ажыратуу боюнча маселени кароо жөнүндө чечим (сунуштама) чыгарат, ал мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссияга жиберилет.
6. Этика боюнча комиссиянын чечими анын жыйналышына катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Этика боюнча комиссиянын жыйналышынын протоколуна жыйналышка катышкан комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
7. Мамлекеттик эмес соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатынын колдонулушун токтото туруу, токтотуу же болбосо ажыратуу этика боюнча комиссиянын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Этика боюнча комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, анын ордун Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн съездинде бекитилген резервдик тизмеде турган кезек боюнча кийинки талапкер ээлейт.
Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси этика боюнча комиссия шайланган мөөнөткө түзүлөт.
9. Соттук эксперттер палатасынын мүчөсүнүн аракеттерине карата даттанууларды этика боюнча комиссиянын кароо тартиби Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн съезди тарабынан бекитилүүчү Этика боюнча комиссия жөнүндө жобо менен регламенттелет.";
8) 25-беренеде:
а) 5-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Кошумча жана кайталап соттук экспертизаларды жүргүзүүнү экспертке (эксперттерге) тапшырууда мурдагы экспертизалардын корутундулары берилүүгө тийиш.";
9) 26-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Комиссиянын курамына кирген соттук эксперттердин ишин координациялоо үчүн соттук экспертиза органынын жетекчиси же экспертиза дайындоонун демилгечиси эксперт-координаторду дайындайт.
Эксперт-координатор соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн жалпы планын иштеп чыгууну жүзөгө ашырат, соттук экспертизаны жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтүнүн чегинде айрым изилдөөлөрдү жүргүзүү мөөнөттөрүн аныктайт жана алардын сакталышын контролдойт, соттук экспертизаны дайындаган орган (жак) менен байланышты жүзөгө ашырат, соттук эксперттердин кеңешмесин жетектейт.";
10) 34-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-берене. Соттук-эксперттик ишти уюштуруучулук жактан камсыз кылуу
Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.";
11) төмөнкүдөй мазмундагы 341 - 343-беренелер менен толукталсын:
"341-берене. Соттук-эксперттик ишти илимий-усулдук жактан камсыз кылуу
1. Соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатын алууга талапкер болгон, соттук экспертиза органдарынын кызматкерлери болуп саналбаган адамдар соттук экспертиза органдарында, окуу жана башка уюмдарда тиешелүү эксперттик адистик боюнча атайын кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтөт.
2. Соттук-эксперттик ишти илимий-усулдук жактан камсыз кылуу, ошондой эле соттук эксперттерди кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Соттук эксперттер палатасынын катышуусу менен соттук экспертиза чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
342-берене. Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн усулдарынын мамлекеттик реестри
Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн бекитилген жана валидацияланган усулдары жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Соттук-эксперттик изилдөөлөр усулдарынын мамлекеттик реестрине киргизилет.
Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн усулдарынын мамлекеттик реестринин максаттары, түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
343-берене. Валидация
1. Соттук-эксперттик изилдөөнүн усулдары жана ыкмалары Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн ыкмаларын жана усулдарын валидациялоо тартибине ылайык валидациялоодон өтүүгө тийиш.
2. Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн ыкмаларын жана усулдарын валидациялоо тартиби ыкмалардын жана усулдардын ар бир тиби үчүн валидациялык изилдөөлөрдүн жалпы көлөмүн, жалпы уюштурууну, валидациялоо жол-жоболорун, алынган жыйынтыктарды статистикалык иштеп чыгууну жана валидация жөнүндө отчетко карата жалпы талаптарды, сандык, сапаттык, идентификациялык жана диагностикалык соттук-эксперттик усулдарды валидациялоо жөнүндө оң же терс тыянакты таануу критерийлерин аныктайт.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде мамлекеттик эмес соттук эксперттердин биринчи съездин өткөрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |