Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-июлу № 441
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин кызматкерлеринин кызматтык маянасына 100 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт деп белгиленсин.";
2) жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин кызматкерлеринин кызматтык маянасына 100 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине 2025-жылдын жети айына 4070100 (төрт миллион жетимиш миң бир жүз) сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты берсин;
3) "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү эске алсын;
4) "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине 2026-жылга жана андан кийинки жылдарга каражаттарды карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ