Загрузка документа…
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 4- сессиясы
ТОКТОМ
19.02.2025ж. № 4-1
Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылда калган эркин каражаттарын (свободный остаток) бөлүштүрүү жөнүндө
Ж.Абдрахманов айыл аймагынынайыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоеванын 2024 -жылы 12 айдын жыйынтыгы менен калган эркин каражаттарын (свободный остаток) пайдалануужөнүндө сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
Ж.Абдрахманов айыл аймагынын калдык каражаты 6 997, 1миң сом төмөндөгүдөй
- 3000,0миң сом акча каражаты лизингке техника (экскаватор) алууга берилсин;
- 3000,0миң сом акча каражаты социалдык обьектилерди камсыздандырууга (Госстрах) берилсин;
- 997,1 миң сом – акча каражаты лизингти төлөөгө( алынган погрузчиктин лизинги) жумшалсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы
Б.Байгазаковко жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага
милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, финансы, экономика жана
инвестиция тартуу” боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев