Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-апрели № 3
Ала-Тоо айыл аймагынын Жылкелди айылында жайгашкан мурдагы айыл өкмөтүнүн имаратына 3 (үч) тайпалуу акселатордук балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айыл аймагынын тургуну Ж.Карабаеванын Жылкелди айылында жайгашкан мурдагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жаңы курулган имараты бош тургандыктан Жылкелди айылынын 2024-жылдын 15-мартындагы жалпы ата-энелер чогулушунун № 1 протоколун бекитип ал имарат 3 (үч) тайпалуу 90 (токсон) орундуу бала бакча ачуу жөнүндөгү протоколун бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана кеңири талкуулап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Жылкелди айылынын 2024-жылдын 15.08. №1 протоколу бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгынын негизинде жаш курактагы балдарды мектепке чейинки билим берүүнү колго алуу менен Жылкелди айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн имаратына 3 (үч) тайпалуу балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
3.Кара-Суу райондук билим берүү мекемеси менен макулдашып,мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдоо,штат бирдигин чечүү жагы Ала-Тоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Айылдык кеңештин токтомунун бир нускасы Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Социалдык маданий маселелер,маалымдуулук,жаштар жана аялдар саясаты,спорт илим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |