Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-апрели № 8
Ала-Тоо айыл аймагында муниципалдык суу чарба ишканасын түзүү жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы С.Топчубаеванын Кыргыз Республикасынын Суу ресустары,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай Министрлигинин, Кара-Суу райондук суу чарба башкармасынын 2024-жылдын апрелиндеги №01-6/55,Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын №02/1295 чыгыш сандуу каттары менен тааныштырып Ала-Тоо айыл аймагында муниципалдык суу чарбаа ишканасын ачуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагында муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берилсин.
2.Муниципалдык суу чарба ишканасын ачуу боюнча иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо,ишкананын ишмердүүлүгүгүн алып баруу үчүн атайын жетекчисин дайындоо жана аткарылган иштер боюнча Кара-Суу райондук суу чарба башкармасына маалымат берип туруу жактары айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдук бир нускасы Кара-Суу райондук суу чарба башкармасына жеткирилсин.
4. СПАлардын агын сууга болгон тарифтерин бекитүүгө макулдук берилсин .
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча комиссиясына комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |