Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 6- сессиясы
2025-жылдын 28-февралы № 30
Үйлөнүү үлпөтүн үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды маркумду эскерүү үрп адаттарын жана маркумга арналган иш чараларды өткөрүүнүн тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №54 Жарлыгын жана Шекер айыл аймагынын үйлөнүү үлпөтүн үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды маркумду эскерүү үрп адаттарын жана маркумга арналган иш чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобосунун долбоорун угуп, карап чыгып, талкуулап Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл аймагынын үйлөнүү үлпөтүн үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды маркумду эскерүү үрп адаттарын жана маркумга арналган иш чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылаык бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. 2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №54 Жарлыгын аткаруу максатында айыл өкмөтү тарабынан 7 кишиден кем эмес комиссия курамы түзүлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мураталиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |
|
| “БЕКИТИЛДИ”
Шекер айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 30-токтому менен бекитилди |
Шекер айыл аймагында “Маркумду узатуу жана сөөгүн
жайга коюу иши жөнүндө” бекитилген типтүү
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө
4.Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби
5. Көрүстөндү жайгаштырууга, жасалгалоого жана көрктөндүрүүгө, пайдаланууг жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрүн, аларды жасоо үчүн материалдар жөнүндө
6. Жергиликтүү комиссия
7. Жобонун талаптарын бузган үчүн жоопкерчилик
I. Жалпы жоболор
1.1 Бул Жобо Маркумддарды жайга коюу салттарын каадаларын тартипке келтирүү, кыргыз коомунун руханний-адеп–ахлактык баалуулуктарын коргоо, социалдык адилетүүлүктү камсыз кылуу жана “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасында үй–бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө” Жарлыгына иш жүзүндө жүзөгө ашыруу, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыккан, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2 Жобонун максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы ПЖ №296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча Шекер айыл аймагынын айылдарында маркумду жайга коюуда текебердик, башка адамдардын социалдык абалына менменсинип мамиле кылуу, ашыкча ысырапкорчулук, диний каадаларды жана салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөрдү жана кемчиликтер кездешет. Маркумдун бир туугандары таштан, граниттен же мрамордон өтө чоң курулмаларды, күмбөздөрдү курууда, маркумдун статуясын орнотууда, мүрзөлөрдү кооз металл тосмолор менен тосууда, өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, ашыкча ысырап корчулукка, элдин салт-саанасын, үрп-адаттын тоготпоого жол бербөө, ата-салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жарымдарын кеңери пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2.Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Шекер айыл аймагында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” бекитилген типтүү жобону (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушул типтүү жобонун негизинде жумушчу тобунун тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып, жобонун долбооруна киргизилет.
Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин сайттарына жарыяланат.
2.4. Жобого кызыккан жарандарга айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө
3.1. Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салынып, укуктук негиздери түзүлгөн, сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруу кепилдиктери, сөөк коюлуучу жайды уюштуруу жана маркумду узатуу иштери каралган
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар Шекер айыл аймагынын айылдарында калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлсүн.
3. Жаңы көрүстөндөрдү түзүү экологиялык жана тарыхый-маданий экспертизанын корутундусу бар болгон жана санитардык талаптар сакталган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын эске алуу менен экологиялык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүдө, ар бир айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындын негизинде, бирбодо мал, же бир жылкы союууга уруксат берилсин.
4.2. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдары мал союну эсепке албаганда айылдарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлсүн..
4.3. Аялдарга таркатуу үчүн жыртыш же жүз аарчуулар жана челпек берүү жагы токтотулсун.
4.4. Майыт чыккан жерге килем көтөрүү, чүпүрөк, токоч жана таттуу каробкаларды алып келүү иштери токтотулсун.
4.5. Майыттын жумалыгы, кыркы, элүү эки күнү, жылдыгы, ашы шартына жараша ысырапкорчулуксуз бир же эки жандык союу менен жөнөкөй тартипте өткөрүлсүн.
5. Көрүстөндү жайгаштырууга, жасалгалоого жана көрктөндүрүүгө, пайдаланууга жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрүн, аларды жасоо үчүн материалдар жөнүндө
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу, маркумдун бир туугандары таштан, граниттен, мрамордон, металдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салуу маселеси, ошондой эле мүрзөдөгү эстеликтерди жана тосмолорду жыгач материалдарынан даярдоо жана бийиктиги 0,70 метрден ашпоосу тууралуу сунуштар камтылмакчы.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунда түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
5.3. Комиссиянын функциялары
5.3.1. Комиссиялар төмөндөгүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
5.3.2 .Шекер айыл өкмөтүндөгү Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу, маркумдун бир туугандары таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салуу маселеси, ошондой эле мүрзөдөгү эстеликтерди жана тосмолорду жыгач материалдарынан даярдоо жана бийиктиги 0,70 метрден ашпоосу тууралуу сунуштарды карайт жана калк араcында түшүндүрүү иштерине көмөктөшөт.
5.4. Комиссиянын ишин камсыз кылуу
5.4 .1. Комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:
5.4.2. Комиссиянын иши анын кеңешмесине бардык мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышкан учурда ыйгарымдуу деп эсептелет;
5.4.3. Комиссиянын чечими кеңешмеге катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат;
Өзүнүн жыйналышына мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардын, эмгек жамааттарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, каралып жаткан маселеге тиешеси бар өкүлдөрдү чакырта алат.
Комиссияга жетекчилик кылуу жана ишин уюштуруу
5.5.1 Комиссияга анын төрагасы жетекчилик кылат.
5.5.2. Комиссиянын жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйналышты комиссиянын төрагасы алып барат, ал жокто комиссиянын төрагасынын орун басары алып баргангана укуктуу.
5.5.3. Комиссиянын жыйынында протокол жазылат жана кабыл алынган протоколдук чечим комиссиянын төрагасы жана анын катчысынын колу менен бекитилет;
5.5.5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы ПЖ №296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча колдонулган тартиптик чара айыл өкмөтүнүн колу менен күбөлөндүрүлүп, каттоо № коюлуп, буйрук менен бекитилет.
5.5.6. Комиссиянын жыйналышы үчүн материалдарды даярдоо жана кабыл алынган чечимдер боюнча ишти комиссиянын жооптуу катчысы жүзөгө ашырат.
6. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
6.1 Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча Жобонун талабын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган тартипте (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.