Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 5-августу № 1-Д
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин2024-жылдын 29-январындагы № 2-Д “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна жана 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылдын 29-январындагы №2-Д “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндөгү” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын:
– биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи абзацтар алып салынсын;
– I бөлүм. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Окуу-изилдөө борбору жана Тоо-куткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары ушул буйрукка тиркелген 1-тиркемеге ылайык жаңы редакцияда баяндалсын;
– III бөлүм. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Республикалык адистештирилген комбинат” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары ушул буйрукка тиркелген 2-тиркемеге ылайык жаңы редакцияда баяндалсын;
– VII бөлүм. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Токой кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары:
13-пункттун 1–8-бөлүмдөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
13 | Акылуу мамлекеттик кызматтын баасы | Кызматтын баасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругу менен монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылгандан кийин аныкталат. Кызматтын баасы тууралуу маалыматтар маалыматтык такталарга жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий веб-сайттарына (www.mchs.gov.kg, www.coe.mes.gov.kg) жайгаштырылат. Төлөм шарттары: төлөм эсепфактуранын негизинде накталай эмес жол менен жүргүзүлөт |
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калк жаан массалык-маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башчысы, ушул буйрук катталгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде, аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий түрдө жарыялоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы:
1) Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, расмий жарыялоо булагы тууралуу маалымат менен кошо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
2) Буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат иретинде жөнөтсүн.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери:
1) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүүнү тийиштүү деңгээлде уюштурсун;
2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана процесстерди оптималдаштыруу багытында чараларды көрүшсүн;
3) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын расмий вебсайттарга жана маалымат такталарга жайгаштырууну камсыз кылышсын.
5. Жогоруда аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу боюнча жоопкерчилик мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышы боюнча көзөмөл Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары А.М. Мамбетовго жүктөлсүн.
7. Бул буйрук тиешелүү адамдарга тааныштырылсын.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Генерал-майор |
Б.Э.Ажикеев |