Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 7- сессиясы
2025-жылдын 14-марты № 33
Айтматов районунун Шекер айыл өкмөтүнүн Көк-Сай чек ара тозотун курууга бөлүнуп берилген жер тилкесин жокко чыгаруу жөнүндө
Айтматов районунун Шекер айыл өкмөтүнүн Көк-Сай чек ара тозотун курууга буга чейин бөлүнүп берилген жер тилкелерин жокко чыгаруу максатында;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 13-февралындагы Шекер айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын №4-токтому “Жаңы чек ара тозотунун жана чек ара байкоо туругунун курулушуна жер аянтын бөлүп берүү” жөнүндөгү токтому күчүн жоготуп жокко чыгарылсын.
2. 2024-жылдын 09-апрелиндеги Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №3-сессиясынын №6-токтому, Көк-Сай чек ара заставасын курууга тиешелүү жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү чечими жокко чыгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |