Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 31/2
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн тарабынан Өзгөн шаарынын бюджетинин 2022-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына карата аткарылышы боюнча өткөрүлгөн аудиттин отчетун кароо жөнүндөгү
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 15-апрелиндеги №2 биргелешкен отурумунун протоколунун жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылдын 13-апрелиндеги №01-8/14 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2022-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Өзгөн шаардык мэриясынын, Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин, “Капиталдык курулуш башкармалыгы”, “Өзгөн жашылдандыруу чарбасы”, “Өзгөн Таза-Суу” жана Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканаларынын бюджеттик, атайын жана башка каражаттарынын пайдаланышына жана ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жөнүндөгү отчету эске алынсын.
2. Аудиттин отчетунда көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жоюу шаардагы мекеме-уюмдардын жетекчилерине, анын аткарылышын көзөмөлдөө жана финансалык тартип бузган кызматкерлерге тийиштүү чараларды көрүү Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |