Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 31/3
Өзгөн районун өнүктүрүү фондунун эсебинен акча каражатын алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги №3 отурумунун протоколунун жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 01-9/383 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн МАБнын аймагына электр мамычаларын, электр зымдарын жана башка электр шаймандарын Өзгөн районун өнүктүрүү фондунун эсебинен акча каражатын алууга макулдук берилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |