Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 31/6
Өзгөн шаарынын башкы планына (ген планына) өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXI сессиясынын отуруму Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 22-апрелиндеги отурумунун №4 протоколунун, Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 01-9/396 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын “Жаңы-Хаят” муниципалдык аймактык башкаруусу аймагында жайгашкан 9 га жер тилкесине Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу үй куруу үчүн депутаттар тарабынан айтылган 750 орундуу мектеп, бала бакча жана спортзал куруу боюнча сунуштарды эске алуу менен ошол жерге жаңы башкы планды иштеп чыгууга жана бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Шаар курулушу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институнун курорттук-рекрециялык жана туристтик комплекстер боюнча Ыссык-Көлдөгү филиалына башкы планга өзгөртүү суралсын.
3. Аталган жер тилкелери боюнча тиешелүү иш-чараларды мыйзамга ылайык Долбоорлоо шаар куруу институту менен биргеликте иш алып баруу жүргүзүү Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |