Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXII сессиясы
2024-жылдын 25-апрели № 32/1
Ошоблжилкоммунсоюз жылуулук менен камсыздоо ишканасынын Өзгөн шаарындагы мүлктөрүн Өзгөн шаардык мэриясынын балансына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” № 89 ПЖ Жарлыгына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Өнөр жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-апрелиндеги отурумунун №2 протоколунун, Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 24-апрелиндеги №01-9/412 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ошоблжилкоммунсоюз жылуулук менен камсыздоо ишканасынын Өзгөн шаарындагы мүлктөрүн Өзгөн шаардык мэриясынын балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаардык мэриясы мүлктөрдү баланска өткөрүп алуу боюнча мыйзам чегинде иштерди алып барсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы «Өнөр жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |