Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXIII сессиясы
2024-жылдын 14-майы № 33/1
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы “Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын сандык жана сапаттык курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” №28/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXIII сессиясынын отурумунун күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин фракцияларынын сунуштарынын жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-майындагы №5 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы “Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын сандык жана сапаттык курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” №28/3 токтомунун тиркемесиндеги:
- 1-пунктундагы “Сабиров Санжарбек Сабирович” деген сөз “Баратахунов Шукурилло Шарипович” деген сөзгө, “Салиев Сардарбек Камбаралиевич” деген сөз “Рызакулов Марифжан Панайдинович” деген сөзгө алмаштырылсын,
- 3-пунктундагы “Сотволдиев Равшанбек Абдулхамитович” деген сөз “Мадаримова Табассум Зияидиновна” деген сөзгө алмаштырылсын,
- 5-пунктундагы “Тапивалдиев Шерзат Турсунбаевич” деген сөз “Тажибаев Иброхимжон Юлдашбаевич” деген сөзгө алмаштырылсын,
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын у.м.а. |
| И.Дадажанов |