Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXIII сессиясы
2024-жылдын 14-майы № 33/2
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2024-жылдын 22-апрелиндеги “Өзгөн шаарынын административдик аймактык бирдигинин чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасын кароо жөнүндөгү” №31/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXIII сессиясынын отурумунун күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-майындагы №5 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 31/1 токтому төмөндөгүдөй редакциядагы 1.1-пункту менен толукталсын “Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына жана Өзгөн шаарынын мэрине схемалык картага жана чек ара баяндамасына кол коюу тапшырылсын”.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын у.м.а. |
| И.Дадажанов |