Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXIV сессиясы
2024-жылдын 31-майы № 34/2
Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комисиссиясынын төрагасын жана орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-майындагы отурумунун №2 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Каримов Отабек Тохтасинович бекитилсин.
2. Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп Абдукаримов Тохтасин Акбаржанович бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы “Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орун басарын шайлоо жөнүндө” № 3/2 токтому,
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 13–сентябрындагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын шайлоо жөнүндө № 13/5 токтому,
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын у.м.а. |
| И.Дадажанов |