ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI отуруму
2024-жылдын 24-январы № 26/2
Ленин айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2023-жылдын бюджети боюнча маалымат, 2024-жылга бюджетин бекитүү жана 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20.12.2021-жылдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап 24.01.2024-жылдагы №26 протоколунун негизинде Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:
1.2022-жылга кирешенин аткарылышы 27063,5 миң сом, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 13507,0 миң сом, өздүк киреше 7810,9 миң сом анын ичинен атайын каражат 1478,1 миң сом, (өткөн жылдан калган калдык 1099,4 миң сом анын ичинен атайын каражат-235,9 миң сом), республикалык бюджеттен берилген максаттуу трансферттер 4646,2 миң сом жана чыгаша бөлүгү 25411,6 миң сомго бекитилсин.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылга карата киреше бөлүгү 33613,2 миң сомго (анын ичинен өткөн жылдан калган калдык -1547,3 миң сом, атайын каражаттан өткөн жылдан калган калдык -104,6 миң сом, теңдештирүүчү трансферт -20550,0 миң сом, өздүк киреше -10054,0 миң сом, анын ичинен атайын каражат -1684,0 миң сом республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер 1357,3 миң сом) жана чыгаша бөлүгү- 30628,0 миң сомго аткарылышы боюнча маалымат жактырылсын.
3.Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү -28516,8 миң сомго бекитилсин анын ичинен теңдештирүүчү трансферт- 18793,0 миң сом, өздүк киреше- 9723,8 миң сом, болгондугу белгиленсин. (анын ичинен атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү -1512,0 миң сом
4.Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылга карата болжолдуу планы 28311,3 миң сомго, (анын ичинен теңдештирүүчү трансферт-17793,0 миң сом, өздүк киреше- 10518,3 миң сом) 2026-жылга карата болжолдуу планы- 29411,3 миң сомго (анын ичинен теңдештирүүчү трансферт-17793,0 миң сом , өздүк киреше-11618,3 миң сом) бекитилип, мыйзам чегинде толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кабыл алынсын.
5.2024-жылга карата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө балдар бакчаларынын тамак-ашы үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн нормага ылайык бир балага 18 сомдон, жалпысынан 607,4 миң сом өздүк кирешенин эсебинен каржылансын.
6.Айыл өкмөтүнүн алдында уюштурулган “Биримдик-Сервис” коммуналдык-турак жай муниципалдык ишканасынын (раздель 7629-ЖКХ) 5(беш) штаттык бирдиктеги жумушчуларынын эмгек акысына жумшалуучу 959,4 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен каржылансын.
7.Жергиликтүү жана Республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттарын чыгымдоону жыл ичинде өз максатында, сарамжалдуу пайдалануу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызматкерлеринен, бардык билим берүү жана маданият тармагынын мекемелеринин жетекчилеринен талап кылынсын, ошондой эле аны көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Б.Мамановго тапшырылсын.
8.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |