Редакцияот 24.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ленин айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI отуруму

 

2024-жылдын 24-январы № 26/3

 

Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык 2825,0 миң сом акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

 

 

Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 2825,0 миң сом калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковдун 2024-жылдын 24-январындагы билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап 24.01.2024-жылдагы №26 протоколунун негизинде Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 2825,0 миң сом калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б Артыковдун билдирүүлөрү эске алынсын.

Аталышы

Бөлүк

Берене

Сумма (миң сом)

ЖКХ

70629

31113290

2825,0

Жыйынтыгы:

2825,0

 

2.Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 2825,0 миң сом калган калдык акча каражаты төмөндөгү беренелерге иштетилсин.

 

3.2023-жылдан калган калдык акча каражатын 2024-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектелүүчү беренесине отургузуп,тиешелүү эсептерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановко жүктөсүн.

4.Акча каражатын иштетүүгө уруксат берүү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

5.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек