Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-июлу № 160
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 25-1-главанын аталышы "зарылдыгын негиздеген же актаган" деген сөздөрдөн кийин "юридикалык жактарды, башка уюмдарды же" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 261-1-берененин 1-бөлүгү "зарылдыгын негиздеген же актаган" деген сөздөрдөн кийин "юридикалык жактарды, башка уюмдарды же" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 261-2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Арыз келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурлар болсо, алар боюнча чечим он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат.";
4) 261-3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими жарыялоо жана сот тарабынан экстремисттик жана террористтик деп табылган маалыматтык материалдардын жана уюмдардын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 331-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
2) 332-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзац "Интернет тармагы" деген сөздөрдөн кийин "же жалпыга маалымдоо каражаттары" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
3) 41-глава төмөнкүдөй мазмундагы 332-1-берене менен толукталсын:
"332-1-берене. Экстремисттик материалдарды сактоо
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн ага карата бир жыл ичинде жаза чарасы салынган адамдын экстремисттик материалдарды сактоосу -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 2-бөлүктө "323-329" деген цифралар "323-325" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 6-бөлүктө "330-332" деген цифралар "326-332-1" деген цифраларга алмаштырылсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 17-глава төмөнкүдөй мазмундагы 142-1-берене менен толукталсын:
"142-1-берене. Экстремисттик материалдарды сактоо
Экстремисттик материалдарды сактоо, эгерде бул аракеттерде кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган квалификациялык белгилер камтылбаса, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
Эскертүү. Ушул беренеде каралган укук бузууну жасаган адам, экстремисттик материалдарды сактаган фактысы жөнүндө укук коргоо органдарына ыктыярдуу билдирген учурда жоопкерчиликтен бошотулат.
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан экстремисттик материалдарды пайдаланууга, анын ичинде сактоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда жол берилет.
Экстремисттик материалдарды сактоо мыйзамдуу кесиптик же кызматтык ишти, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылуучу илимий, окуу же эксперттик максаттарда жүзөгө ашыруу менен шартталган учурларда ушул берене колдонулбайт.";
2) 456-берененин биринчи абзацы "142-берененин 1, 3-8-бөлүктөрү," деген сөздөрдөн кийин "142-1-беренеси," деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене.
"Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 28-февралы № 15) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) 1-пункттун "а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- экстремисттик материалдарды сактоо;";
б) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) эскертме - экстремисттик багыттагы кылмыштардын белгилери жок болгондо экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата чыгарылуучу, экстремисттик материалдарды жайылтуунун жана экстремисттик ишти жүргүзүүнүн жол берилбестигин көрсөтүүчү расмий документ. Эскертменин формасы жана аны чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
2) 11-беренеде "жайылтуу максатында" деген сөздөр алып салынсын;
3) 17-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |