Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-июлу № 181
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 73-беренеде:
а) 1-бөлүктө "жатак-абактар," деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жалпы режимдеги түзөтүү абактарында белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон адамдар; түзөтүү жумуштары жана коомдук иштер, эркиндигин чектөө, айып түрүндөгү жазалары белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмашылган адамдар; түрмөлөрдөн ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган тартипте которулган соттолгондор; ушул Кодекстин 139-беренесинде каралган тартипте тарбиялоо абактарынан которулган соттолгондор; пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган адамдар жазасын өтөйт.
Жалпы режимдеги түзөтүү абактарында этиятсыздыктан жасалган кылмыштар үчүн соттолгондорду; түзөтүү жумуштары, айып түрүндөгү жаза белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмашылган адамдарды; пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган адамдарды кармоо үчүн изолятордук участоктор түзүлөт.";
г) 6-бөлүктө "жатак-абактардан жана" деген сөздөр алып салынсын;
2) 80-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 4-бөлүктүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 81-берененин 4-бөлүгүндө "Жатак-абактарын кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
4) 82-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Түзөтүү мекемесинин администрациясы жана мекемелерди кайтарууну камсыз кылуучу бөлүмдөр мекемеге келген адамдарды, алардын буюмдарын, түзөтүү мекемесинин аймагында жана режимдик талаптар белгиленген ага чектеш аймактардагы транспорт каражаттарын карап чыгууну жүргүзүүгө, тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленген тыюу салынган буюмдарды, предметтерди, документтерди, тамак-аш азыктарын алып коюуга укуктуу.";
5) 83-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы жана мекемелерди кайтарууну камсыз кылуучу бөлүмдөр качуулардын жана башка укук бузуулардын, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуулардын алдын алуу, соттолгондордун жүрүм-туруму жөнүндө зарыл маалымат алуу үчүн аудиовизуалдык (видео байкоо жүргүзүү системасын), электрондук жана башка инженердик-техникалык каражаттарды пайдаланат.";
б) 4-бөлүктө "Жатак-абактарды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
6) 86-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Соттолгондор тарабынан түзөтүү мекемелеринин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына каршылык, кыянаттык менен баш ийбөө көрсөтүлгөндө, алар массалык башаламандыктарга, адамдарды барымтага алууга катышканда, жарандарга кол салганда жана башка коомдук коркунучтуу аракеттерди жасаганда, түзөтүү мекемелеринен качканда же аларды кармоодо көрсөтүлгөн укукка каршы аракеттерге бөгөт коюу, айланасындагыларга же өздөрүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында түзөтүү мекемесинин администрациясы жана мекемелерди кайтарууну камсыз кылуучу бөлүмдөр тарабынан кара күч, атайын каражаттар жана курал колдонулат.";
7) 87-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бир түрмөнүн чегинде жаза өтөөнүн бирдиктүү шарттары белгиленет.";
8) 89-берененин 1-бөлүгүндө "Жатак-абактарды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
9) 97-берененин 1-бөлүгүндө "Жатак-абактарда," деген сөздөр алып салынсын;
10) 99-беренеде:
а) 1-бөлүктө "жана жатак-абактарында" деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-бөлүктө "Жатак-абактарда кармалгандарды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
в) 5-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
11) 118-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 122 жана 123-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын сотторунун өндүрүшүндө турган материалдарды кароо Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 80-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарына жана 6-бөлүгүнө ылайык ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин токтотулат;
2) ушул Мыйзам күчүнө кирген учурга карата биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек чечимдери жана мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 452-беренесине ылайык каралууга тийиш;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жатак-абактарында жазасын өтөп жаткан соттолгондорго карата материалдарды кароодо Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 435-беренесине ылайык материалдык зыяндын ордун толтуруу мөөнөттөрүн белгилөө менен, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 88 жана 89-беренелеринде каралган ченемдерди кошпогондо, колдонуудагы мыйзамдардын алкагында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулат.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |