Редакцияот 24.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ленин айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI отуруму

 

2024-жылдын 24-январы № 26/8

 

Ленин айылдык кеңешинин этика жана мандат комиссиясынын отурумунун 2024-жылдын 22-январындагы №1 протоколу Ленин айылдык кеңешинин депутаттарынын сессияга катышуусу жөнүндө

 

 

Ленин айылдык кеңешинин этика жана мандат комиссиясынын отурумунун 2024-жылдын 22-январындагы №1 протоколу боюнча айылдык кенештин депутаты этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Жусуеванын 2024-жылдын 22-январындагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин отуруму токтом кылат

   

1.Ленин айылдык кеңешинин этика жана мандат комиссиясынын отурумунун 2024-жылдын 22-январындагы №1 протоколу боюнча айылдык кенештин депутаты Т.Жусуеванын 2024-жылдын 22-январындагы билдирүүсү эске алынып, 2,3 жолудан себепсиз келбеген жогорудакы аты аталган депутаттарга эскертүү берилсин

 

2.Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы №3 Жергиликтүү кеңштердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү Мыйзамынын 3-статьясынын 10 пунктунун негизинде 2023-жыл ичинде сессияга себепсиз 11 жолу келбеген №3 сегиз мандаттуу Кызыл-Коргон шайлоо округунан депутат Э.Матеиповдун мандатын мыйзам чегинде карап, чечип берүү Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика жана мандат комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек