Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-февралы № 18
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын коммуналдык тɵлɵм ченемдерин бекитүү боюнча
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын башчысы Мураталиев Т.М. 2025-жылга карата коммуналдык төлөм ченемдери боюнча сунушун карап жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын коммуналдык тѳлѳмдѳр тѳмѳнкү ченемде бекитилсин:
· Иче турган сууга – 35 сом/киши ай сайын;
· Канализация – 35 сом/киши ай сайын;
· Огороддорду сугарууга – 25 сом/сот;
· Таштанды үчүн – 30 сом/киши ай сайын;
· Коммерциялык максатта пайдаланылган (кафе, мончо ж.б) айына 500 сом;
· Канализацияга туташтыруу үчун 2000 сом;
· Ичүүчү сууга туташтыруу үчүн 2000 сом;
· Ичүүчү суу менен жашыл жерлерди ( шланг менен туташтыруу) суугаруу үчүн айып пул 7500 сом ( саат 22:00дөн 06:00гө чейин гана уруксат берилет);
· Таштандыларды белгиленбеген жерлерге төгүү 7500 сомдон 10000 сомго чейин айып пул салынат;
· Зыян 7500 +зыяндын ордун толтуруу;
· Коммерциялык максатта пайдаланылган (магазиндерге) таштанды чыгаруу үчүн айына -500 сом;
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы-экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |