Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-февралы № 19
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала - Арча” муниципалдык ишканасынын техникаларынын тейлөө тɵлɵм ченемдерин бекитүү боюнча
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын башчысы Мураталиев Т.М. 2025-жылга карата техникаларынын тейлөө тɵлɵм ченемдери боюнча сунушун карап жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын“Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын техникаларынын тейлөө тѳлѳмдѳр 2024-жылга карататѳмѳнкү ченемде бекитилсин:
· Экскаватор тейлөөсү - 700сом/ саатына +10л. күйүүчү май;
· Ассенизатор унаасынын тейлөөсү - 600 сом/рейс +8л. күйүүчү май;
· Бус-спринтер жалдоо-Бишкек ш. -400сом/саат,башка региондорго 9сом/км+ күйүүчү май чыгымына жараша;
· Хово жүк ташуучу автоунаанын тейлөөсү:
– таштандыларды чыгаруу үчүн - 500сом+8л күйүүчү май;
– жүк ташуу үчүн-10сом/км+күйүүчү май чыгымына жараша;
· Мех лопата мото саатына:
– жергиликтүү тургундарга - 1200сом/саат+күйүүчү май ичинде;
– Айыл аймактан тышкары керектөөчүлөргө-2000сом/ саатына;
· Мех лопата жүктөө - 600сом/ +8л күйүүчү май 1 рейс үчүн;
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы-экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |