Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-февралы № 31
“Бал-Балакай” бала бакчасынын оңдоп-түзөөсүнө өздүк салым бөлүп берүү боюнча
Сүймөнкул Чокмров айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Джумалиевдин сунушун карап жана талкуулап чыгып, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь айылындагы “Бал-Балакай” бала бакчасынын оңдоп-түзөө долбооруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн (Үч миллион) сом өздүк салым бөлүнүп берилсин;
2. Өнүктүрүү фонддон 2 млн (Эки миллион) каржылоо суралсын;
3. Октябрь айылындагы “Бал-Балакай” бала бакчасынын бир бөлүгүн оңдоп-түзөө долбоору бекитилсин жана ишке ашырылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы-экономикалык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
Төрага |
| Акматказиев М.А. |