Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-февралы № 35
“Мал союучу жайга жер бөлүп берүү”
2023-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоору жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Сүймөнкул Чокморов айыл аймагына мал союучу жай куруусун карап чыгып, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов аймагынын Мраморное айылындагы 380-381 контурларынан жер тилкеси мал союучу жайга ижарага бөлүнүп берилсин, жалпы аянты 0,72 га түзөт;
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жер, агрардык суроолор, архитектура жана укуктук тартип боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |