КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 6-марты № 23/3
«Кара-Суу шаардык кеңеши» мекемеси шаардык кеңешин кайра түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы№ 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Мыйзамын жетекчиликке алып, Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Кара-Суу шаардык кеңеши» мекемесине «Сарай айылдык кеңеши» мекемесин кошуу жолу менен кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Кара-Суу шаардык кеңеши» мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Кара-Суйский городской кенеш"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Кара-Суу шаардык кеңеши» М-и.
- Расмий тилде: У-е " Кара-Суйский городской кенеш ".
2. «Кара-Суу шаардык кеңеши» мекемесинин убактылуу жобосу бекитилсин.
3. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысы бекитилсин.
4. «Кара-Суу шаардык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Кушбаков №2 дареги болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |
Кара-Суу шаардык кеңешинин
2024-жылдын 6-мартындагы №23/3 токтому менен бекитилген
Кара-Суу шаардык кеңешинин убактылуу жобосу
1. Жалпы жоболор
1. Кара-Суу шаардык кеңешинин ушул Убактылуу жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда шаардык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана Кара-Суу шаардык кеңешинин ишин жөнгө салат.
2. Шаардык кеңеш – өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарынан турган (бириктирген), Кара-Суу шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.
3. Шаардык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Кара-Суу шаардык кеңешинин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Кара-Суу шаардык кеңеши”;
- расмий тилде «Кара-Суйский городской кенеш».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Кушбаков көчөсү, №2
4. Шаардык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык жана эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Кара-Суу шаардык кеңешинин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
6. Кара-Суу шаардык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы - сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле Кара-Суу шаардык кеңешинин регламенти менен аныкталат.
7. Кара-Суу шаардык кеңешинин компетенциясы, Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, Кара-Суу шаардык кеңешинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кара-Суу шаардык кеңешинин регламенти менен жөнгө салынат.
Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде Кара-Суу шаардык кеңешинин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.
3. Кара-Суу шаардык кеңешинин чечимдери
8. Кара-Суу шаардык кеңешинин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары кол коёт.
9. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүүшаарда милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
Кара-Суу шаардык кеңешинин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Шаардык кеңештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
4. Шаардык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
12. Кара-Суу шаардык кеңешинин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар Кара-Суу шаардык кеңешинин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
13. Кара-Суу шаардык кеңешинин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5. Корутунду жоболор
14. Кара-Суу шаардык кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.
15. Шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик шаар мэрине жүктөлөт. Кара-Суу шаардык кеңешинин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.
|
|
Кара-Суу шаардык
кеңешинин төрагасы З.К.Эшмаматов