КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 6-марты № 23/4
«Кара-Суу шаар мэриясы» мекемеси шаар мэриясын кайра
түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Кара-Суу шаар мэриясы» мекемесине «Сарай айыл өкмөтү» мекемесин кошуу жолу менен кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Кара-Суу шаар мэриясы» мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Мэрия города Кара-Суу"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Кара-Суу шаар мэриясы» М-и.
- Расмий тилде: У-е "Мэрия города Кара-Суу".
2. «Кара-Суу шаар мэриясы» мекемесинин убактылуу жобосу бекитилсин.
3. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысы бекитилсин.
4. «Кара-Суу шаар мэриясы» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Кушбаков №2 дареги болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |
Кара-Суу шаардык кеңешинин
2024-жылдын 6-мартындагы №23/4 токтому менен бекитилген
“Кара-Суу шаар мэриясы”мекемесинин убактылуу жобосу
1. Жалпы жоболор
1.Кара-Суу шаар мэриясынын ушул Убактылуу типтүү жобосу аны юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана шаар мэриясынын ишин регламенттейт.
2. Кара-Суу шаар мэриясы тиешелүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп эсептелет жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Кара-Суу шаар мэриясы юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары, банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери болот.
Кара-Суу шаар мэриясынын расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Кара-Суу шаар мэриясы».
- расмий тилде: «Мэрия города Кара-Суу».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу,Кара-Суу району, Кара-Суу шаары Кушбаков көчөсү № 2.
4. Кара-Суу шаар мэриясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, шаар мэриясы өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Шаар мэриясынын мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
6. Кара-Суу шаар мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Кара-Суу шаар мэриясынын ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
7. Шаар мэриясынын компетенциясы, шаар мэрин кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби, шаар мэриясынын ишинин финансылык-экономикалык негиздери жана башка уюштуруу, укуктук, финансылык жана мүлктүк маселелер “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
8. Шаар мэриясынын түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде Кара-Суу шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
9.Шаар мэриясышаардык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
10. Шаар мэриясы өз ишинде шаардык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча - тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
11.Документтер менен иштөөнү уюштуруу жана шаар мэриясынынаппаратындагы ишти документтик жактан камсыз кылуу боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде шаар мэриясынынрегламенти менен белгиленет.
3. Шаар мэриясынын актыларынын милдеттүүлүгү
12. Шаар мэриясынын атынан актыларды(чечимдерди) шаардын мэритоктом жана буйрук формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
13. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.
14.Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
15. Шаар мэриясынын чечимдери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбөөгө тийиш.
16. Шаар мэриясынын чечимдери тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
4. Шаар мэриясына келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
17. Шаар мэриясынын мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар шаар мэриясынын алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
18. Шаар мэриясынынмыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5. Корутунду жоболор
19. Убактылуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардын мэринин чечими менен киргизилет.
Кара-Суу шаарынын мэри М.Т.Тентимишов