КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 6-марты № 23/6
“Кара-Суу шаарындагы Ленин атындагы орто мектебинин жана Ленин көчөсүнүн аймагында өсүп турган бак-дарактар жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин 2024-жылдын 6-мартындагы №31, №32 сандуу каттарын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарындагы Ленин атындагы орто мектебине кошумча корпус курууда тоскоол кылып жаткан 6 түп жөнөкөй бак-дарактарды кыюуга, Ленин көчөсүндөгү өсүшү начар, картайган 40 түп жөнөкөй бак-даракты кыйып, ордуна заманбап ийне жалбырактуу дарактарды отургузууга мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Кара-Суу шаар мэриясы Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы менен биргеликте иштерди алып барсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |