Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 19-апрели № 24/2
Тельман айлындагы эски мүрзөнүн ордуна жасалган мамлекеттик каттоо китебинде бекитилген жер аянтын которуу жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2024-жылдын 11-апрелиндеги чыгыш №01-20/421 сандуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 15-беренесинин 8-1) пунктунун негизинде шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Тельман айлындагы эски мүрзөнүн ордуна жасалган мамлекеттик каттоо китебинде бекитилген жер аянты калктуу конушка жана Кара-Суу Таза-Суу МИнын корук зонасына туура келип калгандыгына байланыштуу №41 контурга которууга мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Которууга байланыштуу тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Кара-Суу шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |