Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-февралы № 16
«Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын 2025- жылга жергиликтүү бюджетин жана 2026-2027- жылдарга болжолду бекитүү жөнүндө»
Сүймөнкул Чокморов айылдык кенешинин бюджеттик комиссиясынын төрайымы А.Исакованын жана Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана эсеп боюнча башкы адиси К.Т.Омурзакованын маалыматын угуп, талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 01.01.2025-жылга карата эркин калдыктын негизги эсеп боюнча 39709,4 мин сом суммасында, атайын эсеп боюнча 3182,2 мин сом суммасында бекитилсин.
Бош калган калдыкты 1- тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
2. 2025-жылга киреше бөлүгү атайын каражаттарды эске алуу менен 112352,8 миң сом суммасында 2- тиркемеге ылайык бекитилсин;
3. 2025- жылга чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды эске алуу менен 112352,8 мин сом суммасында 3-тиркемеге ылайык бекитилсин:
- бюджет боюнча -108252,8 мин.сом.
- атайы кааржаттар боюнча 4100,0 мин сом;
4. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын 2026-2027- жылдарга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча болжолу 4-тиркемеге ылайык бекитилсин;
5. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагын социалдык – экономикалык өнүктүрүүнүн 2025- жылга карата планы 5-тиркемеге ылайык бекитилсин;
6. Айыл аймактын бюджеттик мекемелеринин чыгашаларын каржылоо боюнча каражаттардын өлчөмдөрү сметалар боюнча так сакталууга жана ушул токтомдо белгиленген чектерде иш- чараларга жана программаларга жумшалууга тийиш экендиги белгиленсин;
7. 2025-жылы айылдык аймактын бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде, мында биринчи кезекте корголгон беренелер ( эмгек акы, соц. фонд, тамак- аш, коммуналдык кызматтар);
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппаратты, ТЖКЧ, китепкана, клуб, спорт боюнча штаттык ырааттамаларды бекитүү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №266 01.08.2022- ж. “Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматкерлердин ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына жергиликтүү бюджеттен үстөк акы белгиленип, кызматтык маянасына 50% пайыз өлчөмүндө жогорулатуу белгиленсин.
№6,№7,№8,№9,№10 тиркемелерине ылайык;
9. Жергиликтүү бюджеттен бала бакчанын тамактануусуна ар бир балага 18 сомдон, ата энелер салымы 1 балага 1 айга 1500 сом бекитилсин ,бала бакча бөлүмүнүн атайы эсебине төлөнсүн;
10. Резервдик фонд 1- жылга жалпы чыгашалардан 2025- жылга жалпы сумманын 1% - 1082,5 мин сом суммасында бекитилсин;
11. “Аппарат” бөлүмүнүн кызматкерлеринин контракттык негизде эмгек келишим менен жалданган жумушчуларынын айлык акысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024 жылынын 12-июль айындагы №381 токтомуна ылайык төлөнсүн.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Джумалиевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |