Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-февралы № 17
«Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджеттин аткаруусу жөнүндө»
Сүймөнкул Чокморов айылдык кенешинин бюджеттик комиссиясынын төрайымы А.Исакованын жана Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана эсеп боюнча башкы адиси К.Т.Омурзакованын маалыматын угуп, талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата кирише бөлүгүнүн аткаруусу боюнча маалыматы кабыл алынтын;
2. Киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык;
- бюджет боюнча 138233,0 миң сом;
- атайы эсеби боюнча 5214,8 миң сом;
3. Чыгашалар бөлүгү №2 тиркемеге ылайык;
- бюджет боюнча 98523,6 миң сом;
- атайы эсеби боюнча 2032,5 миң сом;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Джумалиевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |