Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XХV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 11-июну № 25/1
Кара-Суу шаарынын Эркин айылынын Жаңы чек көчөсүнүн атын
өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын жана Кара-Суу шаарынын Эркин айылынын тургундарынын макулдук каттарынын негизинде Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарындагы Эркин айылындагы төмөндөгү көчөлөрүнүн атын өзгөртүүгө мыйзам чегинде уруксат берилсин:
- Тынчтык көчөсүнүн аты айылга көп жылдык үзүрлүү эмгеги сиңген “Сабиров Анарбай” атындагы көчө деп атоого;
- Биримдик көчөсүнүн аты айылга көп жылдык үзүрлүү эмгеги сиңген “Миңбаев Осмонали Акжолович” атындагы көчө деп атоого;
- Жаңы-Чек көчөсүнүн аты айылга көп жылдык үзүрлүү эмгеги сиңген “Бекмурзаев Кудайберди” атындагы көчө деп атоого.
2. Аты өзгөртүлгөн көчөлөрдү таза кармоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жакшы абалда кароо жана аты өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрүү жагы үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |