Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XХV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 11-июну № 25/2
“Киров айылындагы мүрзө толуп калгандыгына байланыштуу жер аянтын кеңейтүү жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги чыгыш №01-20/607 сандуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” негизинде шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Киров айлындагы мүрзө толуп калгандыгына байланыштуу кеңейтүү максатында №85 контурда жайгашкан 3,23 га жер тилкесин мүрзө кылып иштетүүгө иш кагаздары даярдалып, тиешелүү тараптардан корутундулар алынгандан кийин мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Мүрзөнү кеңейтүүгө байланыштуу тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Кара-Суу шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |