Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XХV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 11-июну № 25/4
“Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын 2024-жылдын 10-майындагы №01-20/706 сандуу чыгыш катында көрсөтүлгөн сунушунун негизинде Кара-Суу шаарынын кулуну Батиров Азизбек Рузибаевичке “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маселесин карап жана талкуулап шаардык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кара-Суу шаарынын кулуну, кыргыздын салттуу музыкасынын жайылтуучусу, күү чертүү жана улуттук ырларды ырдоо боюнча көптөгөн республикалык жана эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Батиров Азизбек Рузибаевичке “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча күбөлүк жана төш белгисин даярдап тапшыруу шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |