Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 9-августу № 195
Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Кыргыз Республикасында географиялык объекттерге аталыштар мамлекеттик тилде ыйгарылат.
Географиялык объекттердин аталыштары башка тилдерге которулбайт. Расмий документтерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, картографиялык, маалымдамалык, энциклопедиялык, окуу жана башка басылмаларда аталыштар транслитерацияны пайдалануу менен эл аралык стандарттарда белгиленген тартипте орус жана латын алфавиттеринин тамгалары менен берилет.".
2-берене.
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 3-бөлүгүндө "жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат" деген сөздөр "жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча жарнама мамлекеттик тилде гана таратылышы мүмкүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 14-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "ошондой эле автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аймактык бөлүм менен" деген сөздөр "автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аймактык бөлүм, ошондой эле сырткы жарнаманын тексти тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жана орфографиянын эрежелерине ылайык келүүсү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-статьянын экинчи бөлүгүнүн 13-пунктунда "же расмий" деген сөздөр алып салынсын;
2) 34-статьянын биринчи бөлүгүнүн 13-пунктунда "же расмий" деген сөздөр алып салынсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
35-2-статьянын 2-пунктунда:
а) 2-пунктчада "кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик жана/же расмий тилде толук ачып берүү камсыз кылынууга тийиш" деген сөздөр "мамлекеттик тилде жана кардар менен макулдашуу боюнча расмий тилде толук ачып берүү камсыз кылынууга тийиш, ошондой эле зарыл болгон учурда маалымат башка тилге которулушу мүмкүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-пунктчанын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Келишимдин тексти мамлекеттик тилде түзүлөт жана расмий тилге которулушу мүмкүн, зарыл болгон учурда келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн;".
5-берене.
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Телерадио уюмдары телерадиоканалдарын мамлекеттик жана расмий тилдерде трансляциялоону жүзөгө ашырат. Мында мамлекеттик тилдеги берүүлөрдүн жалпы көлөмү 60 пайыздан кем болбоого тийиш.";
б) 3-бөлүктө "же расмий" деген сөздөр алып салынсын.
6-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-берененин 4-бөлүгү "жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар," деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик тилди билген," деген сөздөр менен толукталсын.
7-берене.
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берене "адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алган" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик тилди билген" деген сөздөр менен толукталсын.
8-берене.
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
"22) мамлекеттик тилди билүүгө.";
2) 10-берененин 1-бөлүгү "дене бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырган," деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик тилди билген," деген сөздөр менен толукталсын.
9-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 108-1-берене менен толукталсын:
"108-1-берене. Тил жөнүндө мыйзамдарды бузуу
1. Ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган укук бузууларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын тил жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу же аткарбоо -
юридикалык жактарга эскертүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, эскертүү берилгенден кийин бир жыл ичинде кайталап жасалса, -
юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында тил билүүгө карата жеке адамдар үчүн белгиленген талаптарга жайылтылбайт.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 466-1-берене менен толукталсын:
"466-1-берене. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 108-1-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын колдонот.".
10-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 8-июлу, № 60-61) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
23-берененин 1-бөлүгү ''улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик тилди билген" деген сөздөр менен толукталсын.
11-берене.
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу. № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Келишимдин тексти мамлекеттик тилде түзүлөт жана расмий тилге которулушу мүмкүн.".
12-берене.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 14-марты, № 19) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгү "нотариуста стажировкадан өткөн," деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик тилди билген," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 11-берененин биринчи сүйлөмүндө "же расмий тилде" деген сөздөр "жана расмий тилдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-августундагы № 60 (3716) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |