Редакцияот 12.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 12-августу № 690-т

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 360 “2024–2030-жылдарга “Базальт булалары жана материалдары” мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2024–2030-жылдарга “Базальт булалары жана материалдары” мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 766-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 2-пункттун биринчи абзацындагы “2025-жылдын 1-июлуна” деген сөздөр “2026-жылдын 31-майына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 3-пункттагы “2025-жылдын 1-августуна” деген сөздөр “2026-жылдын 30-июнуна” деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев