Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I-чакырылышындагы кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-апрель № 59
Жаргылчак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын Кичи-Жаргылчак жана Жеңиш айылдарынын элдик жыйындарынын протоклдорунун негизинде жана Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовдун билдирүүсүнүнө ылайык, 9-май жеңиш күнүнө карата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Аймагыбыздын социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы жана көп жылдык үзүрлүү кызматы үчүн Жаргылчак айыл өкмөтүнүн төмөндөгү тургундарына Жаргылчак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Кускаков Кайымбек Казиевич – айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”
- Молдалиев Сатыбек Калилович – айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”
- Дүйшөев Сабырбек Дүйшоевич- айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”
- Мамытова Тотугүл Сатыкеевна - айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”
- Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Г.Алышбаевага тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов