Редакцияот 21.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши

 

           I чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

                                    ТОКТОМ

 

 

 

2025-жылдын  30-апрель № 61                                   

 

   Аймактагы “Тополек”  балдар лагеринин суу каналын оңдоо,  лагер аянтын коруу жана бассейн  курулушу жумуштарын дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырууга Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан өздүк салым каражатын каржылоо жөнүндө.

 

 

Тополек балдар лагеринин суу каналын оңдоо,  лагерь аянтын коруу жана бассейн курулушу жумуштарын дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырууга Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан жана Жети-Өгүз өнүктүрүү фондунан өздүк салым каражатын каржылоого макулдук берүү   максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясы токтом кылат.

 

  1. Тополек балдар лагеринин суу каналын оңдоо,  лагерь аянтын коруу жана бассейн курулушу жумуштарын дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырууга 2025-жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун эсебинен  2 500 000 сом жана Жети-Өгүз өнүктүрүү фондунун эсебинен 2 507 039 сом өздүк салым каражатын каржылоого макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                  Т.К.Баякунов.