Редакцияот 21.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши

 

          I чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

                                   ТОКТОМ

 

 

 

2025-жылдын  30-апрель  № 62      

 

   Жаргылчак айыл аймагындагы имараттардын-курулмадагы фасадынын тышкы көрүнүшү  боюнча талаптардын жалпы жобосун бекитүү жөнүндө.

 

 

            Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык  Жаргылчак айыл аймагынын айылдарында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптардын жалпы жобосун бекитүү тууралуу маселени талкуулап, муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде  Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясы токтом кылат.

  1. Жаргылчак айыл аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптардын жалпы жобосу № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Жаргылчак  айыл өкмөт башчысы Б.А.Ургазиев айыл өкмөтүнүн жер адистери жана айыл башчылары менен биргеликте бекитилген жобонун негизинде уюштуруу иштерин  жүргүзсүн.
  3. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.
  4. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                              Т.К.Баякунов.