Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I-чакырылышындагы кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-июну № 68
Жаргылчак айыл аймагынын жол жээгинде райондук электр тармактарына жана телекомго тиешелүү бетон мамыларын жылдыруу жөнүндө
Барскоон-Каракол автожол трассасын реконструкциялоо убагында айыл аймагынын айылдарындагы жол жээгинде чыгарылган эски бетон мамыларын айыл ичиндеги көчөлөргө орнотуп, муктаждыкка жараша пайдалануу максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Барскоон-Каракол автожол трассасын реконструкциялоо убагында айыл аймагынын жол жээгинде чыгарылган эски бетон мамыларын айыл ичиндеги көчөлөргө орнотуп, муктаждыкка жараша пайдалануу иштери каралсын.
- Айыл аймагынын айылдарындагы жол жээгинде чыгарылган эски бетон мамыларын айыл ичиндеги көчөлөргө орнотуп, муктаждыкка жараша пайдалануу үчүн тиешелүү тараптар менен макулдашуулар жүргүзүлүп, бетон мамычаларын аймакта калтыруу райондук электр тармактар ишканасынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов