Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-июну № 71
Жаргылчак айыл аймагынын Чоң-Жаргылчак айылынын Таш-Коо участогундагы А.Сулаевдин үйү жөнүндө.
Барскоон-Каракол участогундагы автожол трассасынын реконструкциялоо жумуштарынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерге көмөктөшүү жана А.Сулаевдин үйүнүнүн жер аянтын, турган дарегинин мыйзамдуулугун аныктоо максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Чоң-Жаргылчак айылынын Таш-Коо участогундагы А.Сулаевдин үйүнүн жана жер аянтынын мыйзамдуулугу такталып, аныкталсын.
- Жаргылчак Жергиликтүү кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамы, айыл өкмөтүнүн жер адистери, Чоң-Жаргылчак айылынын айыл башчысы менен биргеликте тактоо комиссиясы түзүлүп, комиссия курамы тактоо иштерин жүргүзсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов.