Редакцияот 21.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши

 

I чакырылышындагы  кезексиз  сессиясы

 

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 18-июль № 72   

                                                             

К.Ж. Жумаев атындагы Жети-Өгүз токой чарбасына тиешелүү Чоң-Жаргылчак айылында жайгашкан 5.4га көп жылдык бак жерин, Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы Чоң-Жаргылчак өрөөнүнүн “Ой-Четин” участогунун № 3783 контурунан 10.8га жайыт жерине алмашууга макулдук берүү  жөнүндө.

 

Ысык-Көл облусунун К.Ж.Жумаев атындагы  Жети-Өгүз токой чарбасына тиешелүү Чоң-Жаргылчак айылында жайгашкан кв. № 30  выд. № 1 участогундагы 4га жер аянты  жана кв. № 30 выд. № 4 участогундагы 1.4га жер аянты, бардыгы 5.4га көп жылдык бак жерин, Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы Чоң-Жаргылчак өрөөнүнүн “Ой-Четин” участогунун № 3783 контурунан 10.8га жайыт жерине алмашууга макулдук берүү маселесин  карап чыгып,  талкуулап Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү  кеңеши токтом кылат:

  1. Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин  2025-жылдын 26-июнундагы “Жети-Өгүз токой чарбасына тиешелүү Чоң-Жаргылчак айылында жайгашкан кв. № 30  выд. №1 участогундагы 4га жер аянты  жана кв. №1 выд. № 14 участогундагы 1.4га жер аянты, жалпы аянты 5.4га жер участокторун  Жети-Өгүз районунунун Жаргылчак айыл өкмөтүнүн муниципалдык  менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү  жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
  2. К.Ж.Жумаев атындагы Жети-Өгүз токой чарбасына тиешелүү Чоң-Жаргылчак айылында жайгашкан кв. № 30  выд. № 1 участогундагы 4га жер аянты  жана кв. № 30 выд. № 4 участогундагы 1.4га жер аянты, бардыгы 5.4га көп жылдык бак жерин, Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы Чоң-Жаргылчак өрөөнүнүн “Ой-Четин” участогунун № 3783 контурунан 10.8га жайыт жерине алмашууга макулдук берилсин.
  3. К.Ж.Жумаев атындагы  Жети-Өгүз токой чарбасына тиешелүү Чоң-Жаргылчак айылында жайгашкан кв. № 30 выд. № 1 участогундагы 4га жер аянты жана кв. № 30 выд. № 4 участогундагы 1.4га жер аянты, жалпы аянты  5.4га көп жылдык бак  жерин  Жети-Өгүз районунунун  Жаргылчак айыл өкмөтүнүн муниципалдык  менчигине өткөрүлүп  алынсын.
  4. Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы Чоң-Жаргылчак өрөөнүнүн “Ой-Четин” участогунун № 3783 контурунан 10.8га жайыт жери  К.Ж.Жумаев атындагы  Жети-Өгүз токой чарбасына өткөрүлүп берилсин.
  5. Жер аянттарын алмаштырууга керектүү болгон иш кагаздарын даярдап, тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарга жиберүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге жана жер маселелери боюнча адиси С.Токоевге  тапшырылсын.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге  милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                              Т.К.Баякунов.