Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-августу № 489
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, сапатын камсыз кылуу жана мөөнөттөрүн кыскартуу, объекттерди куруу жана капиталдык оңдоо жаатындагы стратегиялык маанилүү долбоорлорду аткарууну тездетүү, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”;
3) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”;
4) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”;
5) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 396 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
“16) мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |