Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-августу № 477
“Процессинг КейДжи” ачык акционердик коомунун
базасында төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү”
пилоттук долбоорун жүргүзүү жөнүндө
Заманбап санариптик технологияларды киргизүү, накталай эмес төлөмдөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу, өлкөнүн резиденттерине жана резидент эместерине финансылык кызматтарды көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “Процессинг КейДжи” ачык акционердик коомунун базасында төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү” пилоттук долбоору 2025-жылдын 15-августунан 2026-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө жүргүзүлсүн.
2. “Процессинг КейДжи” ачык акционердик коому (мындан ары – “Процессинг КейДжи” ААК) төмөнкүдөй ишти жүзөгө ашыруу үчүн катышуучу катары аныкталсын:
1) чет өлкөлүк банктарда жана банктык эмес финансылык уюмдарда корреспонденттик жана алыш-бериш эсептерин өз алдынча ачуу;
2) алыш-бериш банкы катары резидент банктарды тартпастан, чет өлкөлүк банктардагы жана банктык эмес финансылык уюмдардагы корреспонденттик жана алыш-бериш эсептери аркылуу алыш-бериш операцияларын жүргүзүү;
3) платформанын кардарларынын атынан жана тапшыруусу боюнча же платформанын кардарларынын тапшыруусу боюнча “Процессинг КейДжи” ААКтын атынан финансылык төлөмдөрдү жана акчалай которууларды жүзөгө ашыруу үчүн “Процессинг КейДжи” ААКтын платформасында кардарларга алыш-бериш эсептерин ачуу;
4) башка өлкөлөрдө филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу, чет өлкөлүк финансылык компаниялардын жана банктардын капиталына кирүү;
5) төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору катары учурдагы лицензиялардын алкагында ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле жогоруда аталган пилоттук долбоордун максаттарына жетүүгө багытталган башка аракеттерди жасоо.
3. “Процессинг КейДжи” ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 2-пунктун ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүү;
2) төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата колдонулуучу мыйзамдарды, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин сактоону камсыз кылуу.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ушул токтомдун 1-пунктунда аталган пилоттук долбоордун талаптагыдай ишке ашырылышын камсыз кылууга көмөк көрсөтүү сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 15-августунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 15-августунда № 61 (3717) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |