Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана
этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин
2026-жылдын 15-июнундагы № 01-4/722
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана
этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин
2025-жылдын 30-июлунун № 01-4/102 буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартиби
Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын
2. жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартиби (мындан ары – Тартип) зыяратты уюштуруу процессин иретке салуу, зыяратчылардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, аларды жолдо тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле Ажы жана Умра ибадаттарын аткаруу учурунда татыктуу шарттарды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
3. Тартип Кыргыз Республикасына Сауд Арабия Падышалыгы (мындан ары – САП) тарабынан жыл сайын берилүүчү квота боюнча Мекке шаарына зыяратка бара турган зыяратчылардын топторун түзүүнүн укуктук негиздерин аныктайт. Бул Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик (мындан ары – Улуттук агенттик) менен САК Ажы иштери боюнча министрлигинин ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимдин негизинде ишке ашырылат.
Негизги түшүнүктөр
Ажылык – мусулмандардын жыл сайын белгиленген убакта Сауд Арабия Королдугунун Мекке, Медина шаарларында жана алардын айланасында аткарылуучу, ишеним менен практикага негизделген диний жөрөлгөлөрдөн турган зыярат.
Умра – Ажылык болуп жаткан күндөрдөн тышкары жыл ичинде Мекке жана Медина шаарларына мусулмандар тарабынан аткарылуучу кичине зыярат.
Зыяратчы – диний жөрөлгөлөрдү аткаруу үчүн ыйык жерлерге зыярат кылган адам.
Зыяратчыларды каттоонун санариптик системасы – зыярат кылууну ниет кылган адамдарды санариптик технологияларды колдонуу менен милдеттүү түрдө электрондук каттоо процедурасы.
Зыяратчылардын жетекчиси (Ажы башчы, Умра башчы) – Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кызматкери, зыярат жерлеринде диний жөрөлгөлөрдү аткаруу боюнча атайын билимге ээ болгон (диний насаатчы) жана зыяратчыларды ыйык жерлерде коштоп жүргөн диний ишмер.
2. Тартип Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 18-беренесине жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 18-беренесине ылайык иштелип чыккан. Бул документтер ар бир адамга дин эркиндигине, өз динин жалгыз же башкалар менен бирге, жеке же коомдук түрдө сыйынуу жана диний жөрөлгөлөрдү аткаруу аркылуу кармануу укугун кепилдейт.
Сауд Арабия Падышалыгына зыяратты уюштуруу жана өткөрүү
3. Ушул Тартиптин талаптарын сактоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратын уюштурууну көзөмөлдөө Улуттук агенттикке жүктөлөт.
4. Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратын (Ажы, Умра) уюштуруу жана өткөрүү жоопкерчилиги ушул Тартипке ылайык Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына (мындан ары – КМДБ) жүктөлөт.
5. Зыяратты уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан маселелерди өз убагында чечүү максатында төмөнкүлөр түзүлөт:
– Кыргыз Республикасынын жарандарынын САП Ажылыкка даярдануу жана өткөрүү боюнча убактылуу Ведомстволор аралык комиссия. Комиссиянын курамы жана жобосу Улуттук агенттик тарабынан аныкталат;
– Кыргыз Республикасынын жарандарынын Умрага даярдануу жана өткөрүү боюнча туруктуу Ведомстволор аралык комиссия. Комиссиянын курамы жана жобосу Улуттук агенттик тарабынан аныкталат.
Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдери КМДБ үчүн милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
КМДБ САПна Умра (кичине ажылык) уюштуруу менен байланышкан туристтик фирмаларды аккредитациялоону жана башка жол-жоболорду жүргүзүүгө укуктуу.
Умрага (кичине ажылык) зыяратчыларды жөнөтүүнүн маршруту жана тартиби КМДБ тарабынан аныкталат.
Сауд Арабия Падышалыгына зыяратка бара турган зыяратчылардын топторун түзүү тартиби
6. Кыргыз Республикасына САП тарабынан Ажылык үчүн берилген квота зыяратчылардын төлөмдөрүнүн келип түшүүсүнө жараша түзүлгөн электрондук тизме боюнча кезектик тартипте бөлүштүрүлөт.
7. Зыяратчылардын топторунун жетекчилери (ажы башчы), топтордун саны Ведомстволор аралык комиссия тарабынан КМДБнын сунушу менен, тестирлөөдөн жана маектешүүдөн өткөндөн кийин бекитилет.
Ыйгарым укугу жок Кыргыз Республикасынын жарандары жана уюмдар тарабынан зыяратчылардын топторун өз алдынча түзүүгө жол берилбейт.
8. Ажылык зыяратын аткарган Кыргыз Республикасынын бардык жарандары жарактуу жалпы жарандык паспортко ээ болушу керек.
9. Кыргыз Республикасына бөлүнгөн квоталардын эсебинен чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын зыярат кылуусуна жол берилбейт.
10. КМДБ өзүнүн өкүлчүлүктөрүндө зыяратчыларды Ажылык жөрөлгөлөрүнө үйрөтүү боюнча атайын курстарды уюштурат.
11. Зыяратчылар САП Ажы иштери боюнча министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын талаптарына ылайык милдеттүү түрдө медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтөт.
Зыяратчылар, зыяратчыларды каттоонун санариптик системасында милдеттүү түрдө каттоодон өтөт.
Зыяратчылар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелери тарабынан берилген эл аралык үлгүдөгү эмдөө тууралуу маалымкаттарды алып жүрүүгө тийиш.
САП жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жыл сайын аныкталуучу эмдөөлөрдүн тизмеси Улуттук агенттик тарабынан уюштуруучуларга жеткирилет.
12. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги зыярат кылган адамдарды медициналык кароодон өткөрүү жана эмдөө боюнча иштерди уюштурат.
Зыяратчыларды Сауд Арабия Падышалыгынын Ажы визалары менен камсыз кылуу
13. Зыяратчыларды САП Ажы визалары менен камсыз кылуу боюнча уюштуруу иштери КМДБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен жүргүзүлөт.
Умра (кичине ажы) зыяратчыларын тиешелүү визалар менен камсыз кылуу иштери КМДБ тарабынан аккредитациядан өткөн юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.
Зыяратчыларды транспорт менен тейлөө
14. Зыяратты уюштурууда катышкан авиакомпаниялар САП жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жана чет өлкөлүк авиаташуучулар арасында конкурс аркылуу аныкталат.
Зыяратчыларды САПна ташуу:
– САП авиациялык бийликтеринен учууларды жүргүзүү үчүн бардык керектүү уруксаттары же макулдугу бар авиаташуучулар тарабынан, САП эрежелерине жооп берген жана эл аралык нормаларга ылайык мамлекеттердин аба мейкиндигин эркин пайдаланууга мүмкүндүк берген учактар менен жүргүзүлөт;
– Авиаташуучу, Улуттук агенттик жана КМДБнын атынан зыяратчылар үчүн түзүлгөн ташуу боюнча келишимдин негизинде ишке ашырылат.
15. Учактардын маршруту жана учуу графиги авиаташуучу тарабынан САП жана Кыргыз Республикасынын авиациялык бийликтери жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдары же кызматтары менен макулдашуу боюнча аныкталып, авиаташуучу менен түзүлгөн ташуу келишиминде белгиленет.
Сауд Арабия Падышалыгына зыяратты уюштуруу
жана өткөрүү эрежелери
16. Кыргыз Республикасынан зыярат уюштуруучулары жана зыяратчылар САП жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан коюлган бардык талаптарды сактоого милдеттүү.
17. Зыяратты аткарууга көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын САПдагы көчмө штабы түзүлөт.
Көчмө штабдын ишмердүүлүгүн уюштуруу Улуттук агенттик жана ДУМК тарабынан жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана башка мамлекеттик органдар тарабынан көмөк көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын САПдагы элчилиги САПда зыяратты уюштурууда көчмө штабга көмөк көрсөтөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын зыяратчыларынын кызыкчылыктарын укуктук жактан коргойт.
18. САПдагы Кыргыз Республикасынын көчмө штабы САПнын Ажы иштери боюнча министрлиги менен тыгыз кызматташып, зыяратчылардын кызыкчылыктарын чагылдырган расмий миссиялардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү, САПнын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан бекитилген эрежелердин чегинде иштейт.
19. Зыяратчылардын топторунун жетекчилери (ажы башчы) САПдагы Кыргыз Республикасынын көчмө штабы менен зыяратчылар жашаган жерлерде байланышта болуп, макулдашылган график менен жүрүп САПнан чыгуу графиктерин сактайт.
Зыяраттын жыйынтыгын чыгаруу
20. Зыяратты уюштуруу жана өткөрүүнүн жыйынтыгы КМДБ тарабынан Ведомстволор аралык комиссиянын маалыматтарынын жана САПдагы Кыргыз Республикасынын көчмө штабынын отчеттук материалдарынын негизинде чыгарылат.
САПдагы Кыргыз Республикасынын көчмө штабы акыркы зыяратчылар тобу республиканын аймагына кайтып келген күндөн тартып он күн ичинде Улуттук агенттикке топтордун саны, алардын курамы, зыяратты даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшү (кемчиликтер, жетишпестиктер) жана зыяратты уюштурууну өркүндөтүү боюнча сунуштар тууралуу отчетторду тапшырууга милдеттүү.
21. Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратын уюштуруу жана өткөрүүнүн жыйынтыгы зыярат мезгили аяктагандан кийин бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына кароого жиберилет.
Умра зыяратын уюштуруу жана өткөрүү боюнча отчет ар квартал сайын Улуттук агенттикке берилет.
22. КМДБ ушул Тартиптин негизинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Сауд Арабия Королдугуна зыяратты (Ажылык, Умра) жүзөгө ашыруу боюнча нускаманы иштеп чыгууга укуктуу.
23. КМДБ өзүнүн расмий сайтында бухгалтердик эсеп, салык жана расмий статистика жөнүндө мыйзамдарга ылайык каржы-бухгалтердик, салыктык жана статистикалык отчеттуулукту жарыялоого милдеттүү.