Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 12-августу № 198
Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө
(КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө, улуттук жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга дем берүүгө. инвестицияларды коргоонун бирдей жана адилеттүү укуктук принциптерин жана кепилдиктерин белгилөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө багытталган.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук жана чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан түз инвестицияларды жүзөгө ашырууда келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салат, мамлекеттин инвестициялык саясатынын принциптерин белгилейт, инвесторлордун укуктарын, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын коргоо жана инвестициялык иштин катышуучуларынын өз ара аракеттенүү механизмдерин аныктайт.
2-берене. Инвестициялык иштин принциптери
Инвестициялык иштин субъекттеринин өз ара мамилелери төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) укук үстөмдүгү;
2) адилеттүүлүк;
3) айкындуулук жана ачыктык;
4) инвестициялык иштин эркиндиги;
5) инвестордун ак ниеттүүлүк презумпциясы;
6) инвестицияларды коргоо кепилдиги.
3-берене. Инвестициялар, инвестициялык иш жана турукташтыруу режими жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Инвестициялар, инвестициялык иш жана турукташтыруу режими жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - эл аралык келишимдер) жана инвестицияларды жүзөгө ашыруу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына же салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурда турукташтыруу жөнүндө макулдашууну түзгөн инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана көрсөтүлгөн макулдашууга кол коюлган датадан тартып 10 жылдын ичинде аларды тандоо учурунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларында каралган кыйла жагымдуу шарттарды колдонууга укуктуу. Көрсөтүлгөн укук, башка кыйыр салыктарды кошпогондо, кошумча нарк салыгын кошуп алганда, салыктарга, ошондой эле мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдөн сырткары салыктык эмес төлөмдөргө жайылтылат. Турукташтыруу режимин колдонуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
3. Турукташтыруу режимин колдонуу инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кыйла жагымдуу шарттарды пайдалануу укуктарын чектебейт.
4. Турукташтыруу режимин пайдалануу укугу төмөнкүлөргө берилет:
1) турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган датадан тартып 3 жылдын ичинде инвестициялануучу ишкананын капиталына аталган макулдашууга кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) расмий курсу боюнча аныкталуучу 200 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө салымдарды жүргүзгөн инвесторго, ошондой эле инвестициялануучу ишкананын өзүнө;
2) турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган датадан тартып 5 жыл ичинде инвестициялануучу ишкананын капиталына аталган макулдашууга кол коюлган күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча аныкталуучу 1 миллиард сомдон кем эмес өлчөмдө инвестиция салынган шартта, ошондой эле инвестициялануучу ишкананын өзү пайдалуу кендерди изилдөө, издөө, чалгындоо жана иштетүү менен байланышкан ишти жүзөгө ашырган инвесторго.
5. Инвестордун ушул беренеде белгиленген инвестицияларды инвестициялануучу ишкананын капиталына салуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоосу турукташтыруу жөнүндө макулдашууну бузуу жана турукташтыруу режимин колдонуунун натыйжасында үнөмдөөгө жетишилген төлөнбөгөн салыктарды жана салыктык эмес төлөмдөрдү өндүрүү үчүн негиз болуп саналат.
6. Акционерлердин же инвестордун катышуучуларынын жана/же инвестициялануучу ишкананын курамынын өзгөрүшү турукташтыруу режиминин колдонулушун токтотпойт жана аны колдонуунун белгиленген мөөнөттөрүнө таасирин тийгизбейт.
7. Эгерде эл аралык келишимде инвестициялык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу улуттук мыйзамдардын ченемдерине салыштырмалуу башка, кыйла жагымдуу жоболор каралса, эл аралык келишимдин жоболоруна алар Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына ылайык келген бөлүгүндө колдонулат.
8. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында чет өлкөлүк инвестордун инвестициялык ишине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынышы же чектелиши мүмкүн.
9. Финансы-кредиттик уюмдарга жана төлөм кызматтарын көрсөтүүчү уюмдарга инвестициялар Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм мыйзамдары менен жөнгө салынат.
4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер колдонулат:
1) инвестордун кыйыр контролунда турган активдер - башкаруу түздөн-түз ээси болуп саналбаган, бирок бул активдерди пайдалануу менен байланышкан чечимдерге таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон үчүнчү жактар же түзүмдөр аркылуу жүзөгө ашырылуучу активдер;
2) деривативдер (туундуу баалуу кагаздар) - чыгаруу жана жүгүртүү механизми базалык активдин келишиминде белгиленген мөөнөттүн аралыгында сатып алуу же сатуу укугу менен же болбосо мындай баалуу кагаздын негизинде турган базалык активдин баасынын өзгөрүшүнө байланыштуу келип чыгуучу мүлктүк укук (милдеттенме) менен байланышкан баалуу кагаздар;
3) инвестор - пайда алуу максатында инвестициялык иштин объекттерине өзүнүн жана/же зайымдык каражаттарды же болбосо башка тартылган инвестициялык ресурстарды инвестициялоону жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;
4) улуттук инвестор - Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында инвестицияларды жүзөгө ашырып жаткан жана/же буга чейин жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк юридикалык жак деп таанылган субъектти кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адам болуп саналган жеке жак же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган юридикалык жак;
5) чет өлкөлүк инвестор - Кыргыз Республикасында инвестицияларды жүзөгө ашыруучу жана/же буга чейин жүзөгө ашырган улуттук инвестор болуп саналбаган жеке же юридикалык жак;
6) инвестициялар - коммерциялык ишти баштоо же улантуу үчүн инвестордун менчигинде же түз же кыйыр контролунда турган активдердин кандай болбосун түрү, анын ичинде төмөнкүлөр, бирок алар менен чектелбейт:
а) үлүштөр, акциялар, өнөктөштүктөгү үлүштөр жана капиталга катышуунун башка формалары, ошондой эле облигациялар, карыздык милдеттенмелер жана компаниядагы карыздык катышуунун башка формалары;
б) интеллектуалдык менчиктин мүлктүк укуктары, анын ичинде техникалык документтер, өндүрүштүн тигил же бул түрүн уюштуруу үчүн зарыл болгон көндүмдөр жана өндүрүштүк тажрыйба түрүндө таризделген патенттелген же патенттелбеген (ноу-хау), техникалык, технологиялык, коммерциялык жана башка билимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка баалуулуктар;
в) акча каражаттары, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк;
г) наркы акча түрүндө баалануучу мүлктүк укуктар (күрөө, ипотека жана башкалар);
д) наркы акча түрүндө баалануучу мүлктүк эмес укуктар;
е) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык берилүүчү укуктар (лицензиялар, уруксаттар ж.б.);
ж) жүгүртүүгө чыгарууга жол берилбеген (жүгүртүүдөн алып салынган объекттерди) жарандык укуктардын объекттеринин түрлөрүн кошпогондо, наркы баалануучу (акча түрүндө) жарандык укуктардын башка объекттери;
з) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган инвестициялоонун башка формалары.
Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу келишимдеринен келип чыгуучу акчалай талаптар, ошондой эле бул келишимдерди каржылоо инвестициялар болуп саналбайт;
7) инвестициялык иш - инвестицияларды жүзөгө ашыруу менен байланышкан практикалык иш-аракеттердин жыйындысы;
8) инвестициялык долбоор - белгилүү бир объектке инвестициялардын экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн негиздөөчү документтердин комплекси, ошондой эле эксплуатацияга тапшыруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен белгиленген натыйжага жеткенге чейин инвестицияларды ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чаралар же болбосо мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун негизинде ишке ашырылуучу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору;
9) инвестициялык лоттор - инвестициялык сунушту, долбоордун инфратүзүмүн, активдерди, чийки заттык базаны жана сатуу рынокторун талдоону, уруксат берүүчү документтерди жана преференцияларды берүүнү өзүнө камтыган, демилгеленген долбоорлордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен инвесторго берилүүчү чечимдердин комплекси;
10) инвестициялык сунуш - инвестициялык долбоордун мазмунунун кыскача сыпаттамасын жана аны ишке ашыруу планын камтыган документтердин комплекси;
11) инвестициялык макулдашуу - Кыргыз Республикасындагы инвестициялар менен байланышкан тараптардын укуктарын, милдеттенмелерин жана жоопкерчилигин аныктоочу инвестор менен мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосунда түзүлгөн жазуу жүзүндөгү келишим;
12) түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашуу - инвестициялык долбоор экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы жана социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик өнүктүрүү программаларына ылайык келген шартта конкурстук жол-жоболорду өткөрбөстөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) менен инвестордун ортосунда түзүлүүчү макулдашуу;
13) компетенттүү орган - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилүү бир чөйрөдө милдеттерди жөнгө салуу, контролдоо, координациялоо же ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
14) опцион - тараптардын бири контрактта көрсөтүлгөн бүткүл мөөнөттүн ичинде колдонуучу белгиленген баа боюнча аныкталган базалык активди сатып алуу (колл) же сатуу (пут) укугуна ээ болуучу, ал эми экинчи тарап ошол укукту жүзөгө ашырууну камсыз кылууга милдеттенүүчү контракт;
15) түз инвестициялар - инвестордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган компаниядагы добуш берүүчү акциялардын/үлүштөрдүн 10 жана андан ашык пайызына ээлик кылуусу же инвестициялоонун башка формаларында ушул катышууга эквиваленттүү болушу;
16) инвесторлордун даттанууларынын реестри - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) инвесторлордун даттануулары катталуучу жана тутумдаштырылуучу маалыматтар базасы;
17) турукташтыруу режими - салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилген учурда инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана үчүн жагымдуу укуктук режим;
18) эркин конвертациялануучу валюта - Эл аралык валюта фондунун 1944-жылдын 22-июлундагы Макулдашуусунун беренелерине жана ага карата киргизилген түзөтүүлөргө ылайык аныкталган валюта;
19) өзгөчө инвестициялык режими бар аймактар - инвестицияларга дем берүү үчүн атайын салыктык, бажылык жана административдик преференциялар жана жеңилдиктер колдонулуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген зоналар;
20) фьючерс - контрактта белгиленген күнү базалык активди белгиленген баа боюнча сатып алууга же сатууга контракт;
21) экспроприация - инвестордун мүлкүн мажбурлап алып коюу же аны инвестициялардын натыйжаларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу.
22) инвесторлорду аккредитациялоо - инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон чет өлкөлүк инвестордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсүн алдын апа текшерүүнүн жана тастыктоонун жол-жобосу;
23) аккредиттелген инвесторлордун реестри - чет өлкөлүк инвесторлор жана алардын инвестициялык долбоорлору жөнүндө маалыматтар киргизилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий реестри.
5-берене. Инвесторлорго коюлган талаптар
1. Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык макулдашууну тариздөө жана инвестициялык ишке катышуу үчүн инвестор төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берүүгө тийиш:
1) тиешелүү финансылык милдеттенмелери бар инвестициялык макулдашуунун катышуучусу болуу ниети жөнүндө кайрылуу;
2) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана уюмдаштыруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) юридикалык жактын катталган жери боюнча салык органдарынан ар кандай деңгээлдеги бюджеттерге салыктарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
4) юридикалык жактын эсептерин тейлөөчү коммерциялык банктардын акыркы алты айдын ичинде алыш-бериш эсеби боюнча жүгүртүүлөр жөнүндө маалымкат;
5) учурдагы бардык карыздары жөнүндө маалымат (макулдашуулардын, келишимдердин көчүрмөлөрү жана бардык коштоочу документтер);
6) инвестордун оң абройго ээ экендиги, өз-өзүнчө же жалпысынан инвестордун чарбалык иши, активдери, финансылык же башка абалы үчүн кандайдыр бир олуттуу жагымсыз кесепеттерге же ушул инвестициялык макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн болгон ага каршы эч кандай доо коюлбагандыгы, эч кандай сот иштери козголбогондугу, эч кандай териштирүүлөр же тергөө жүргүзүлбөгөндүгү жана кандай болбосун сот, арбитраж же мамлекеттик орган тарабынан ага каршы мындай аракеттерди жасоо коркунучунун жоктугу жөнүндө маалымат.
2. Туруктуу инвестициялоо боюнча инвестордун милдеттенмелери:
1) инвесторлор өзүнүн инвестициялык ишин бардык тиешелүү мыйзамдарга, ченемдик актыларга, эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырууга тийиш;
2) инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда инвесторлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ишкер этиканын, адам укуктарынын жана эмгек ченемдеринин жогорку стандарттарын сактоого милдеттүү;
3) инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда инвесторлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айлана-чөйрөнү коргоо принциптерин жана ченемдерин сактоого милдеттүү;
4) инвесторлор мамлекеттик башкаруу тутумунда коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясын, ошондой эле колдонуудагы башка эл аралык укуктук актыларды эске алуу менен инвесторлор коррупциялык укук бузууларды жасоо же жактыруу максатында мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызмат адамдарына же кызматкерлерине көмөк көрсөтүүдөн, сыйлоодон, шыкактоодон, жардам көрсөтүүдөн же алар менен тил табышуудан карманууга милдеттүү;
5) инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда инвесторлор мүмкүнчүлүгүнө жараша социалдык жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин көрсөтүүгө жана Кыргыз Республикасын жана жергиликтүү жамааттарды туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө умтулууга тийиш;
6) инвесторлор инвестициялык ишти колдонуудагы салык мыйзамдарына, ошондой эле колдонуудагы эл аралык ченемдерге жана принциптерге толук ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.
(КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарда инвестицияларды коргоо боюнча финансылык милдеттенмелер
1. Кыргыз Республикасы өзгөчө инвестициялык режимдеги аймактарда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын атынан инвестицияларды коргоо боюнча финансылык милдеттенмелерди берет. Министрлер Кабинети өзгөчө инвестициялык режимдеги аймактар үчүн экономиканын жана социалдык чөйрөнүн артыкчылыктуу тармактары үчүн финансылык милдеттенмелердин тизмегин бекитет.
2. Мамлекеттик өнүктүрүү программаларына (долбоорлоруна) ылайык өзгөчө инвестициялык режимдеги аймактарда экономиканын жана социалдык чөйрөнүн артыкчылыктуу тармактарын инвестицияларды жүзөгө ашыруучу инвесторлор үчүн мыйзамдардагы карама-каршылыктардан улам келип чыккан талаш-тартыштарды кароо учурунда мамлекеттик органдардын укукка каршы аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында зыян келтирилген учурда инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктердин алкагында мамлекеттин белгилүү бир финансылык милдеттенмелери каралышы мүмкүн.
2-глава. Инвестициялык иштин уюштуруу негиздери
7-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) ишинин максаттары төмөнкүдөй жол менен Кыргыз Республикасынын оң инвестициялык беделин калыптандыруу жана Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү саналат:
1) Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү, товарларды тышкы рынокторго илгерилетүү;
2) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү;
3) инвесторлорго көмөктөшүү, коргоо жана колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун өзгөчө (атайын) режиминдеги эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) инвестициялык климатты, инвесторлордун абалын жана инвестициялык ишти жүргүзүү шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелерди, анын ичинде мыйзам чыгаруу демилгелерин киргизүү;
2) Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу;
3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, инвестицияларды тартуу, инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу, аларды кызыктырган маселелер боюнча методологиялык колдоо көрсөтүү менен байланышкан иштерин координациялоо;
4) инвесторлорго көмөктөшүү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, инвесторлордун даттанууларын кароо, мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда келип чыгуучу инвестициялык талаштарды жөнгө салууда аларга көмөктөшүү;
5) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан инвесторлордун даттанууларын кароонун натыйжаларын талдоо, инвесторлордун даттанууларын чечүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
6) Кыргыз Республикасынын Президентине жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, инвесторлор менен өз ара аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине, инвестицияларды жүзөгө ашырууну кыйындатуучу жана/же тоскоолдук кылуучу себептерди четтетүү боюнча сунуштамаларды камтыган талдоо жүргүзүүнү даярдоо жана берүү;
7) инвестициялык сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү, инвестициялык сунуштардын жана долбоорлордун реестрлерин жүргүзүү;
8) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү;
9) инвестициялык макулдашууларда аныкталган инвесторлордун милдеттенмелеринин аткарылышын эсепке алууну жана контролдоону жүргүзүү;
10) инвестициялык иш боюнча статистикалык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүнүн формаларын макулдашуу;
11) маалымат берүүнү стандартташтыруу жана инвесторлор менен өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүү үчүн инвестордун анкетасынын типтүү формасын бекитүү;
12) чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын инвестициялык кызыкчылыктарын көрсөтүү;
13) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ага жүктөлгөн башка милдеттерди аткаруу.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен аныкталат.
8-берене. Координациялоо жана кызматташуу
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат, ошондой эле инвестициялык маселелер боюнча инвесторлордун жана мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестицияларды тартууда эң жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ишти координациялоо жана натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен кызматташууга милдеттүү.
9-берене. Отчеттуулук
1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча инвесторлор менен жолугушуу өткөргөндөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жолугушуунун жыйынтыктары жана жетишилген макулдашуулар жөнүндө маалымат берет.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары календардык жыл аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчеттук жыл аяктагандан кийин 60 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентине жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына инвестициялык климаттын талдоосун жана Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты, буга кошуп учурдагы көйгөйлөрдү сыпаттоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды берет.
4. Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын маалыматы берилет.
3-глава. Инвесторлордун укуктары жана инвесторлордун милдеттери. Инвестицияларды коргоо кепилдиктери
10-берене. Инвестициялар жана жеке бизнести башкаруу эркиндиги
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштердин түрлөрүн кошпогондо, инвестициялар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында иштин бардык түрлөрүндө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Ар бир инвестор өз компаниясын түзүү, башкаруу жана ишин токтотуу маселелеринде укуктарга жана эркиндиктерге ээ. Бул эркиндик анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана эмгек маселелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге ылайык кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын атынан чарбалык ишке, инвесторлордун укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына кийлигишүүдөн карманат.
4. Инвесторлордун бузулган укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык келишимдерге жана инвестициялык макулдашууларга ылайык калыбына келтирилүүгө тийиш.
5. Инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган адам Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Улуттук инвестор Кыргыз Республикасынын жарандык жана бюджеттик мыйзамдарына ылайык зайымдык каражаттарды тартуу боюнча Министрлер Кабинетинин финансылык милдеттенмелерин алууга укуктуу.
7. Чет өлкөлүк инвестор Министрлер Кабинети менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын алкагында Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген шарттарга жана тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зайымдык каражаттарды тартуу боюнча Министрлер Кабинетинин финансылык милдеттенмелерин алууга укуктуу.
11-берене. Улуттук режим
Ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, ошондой эле эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерге ылайык инвестицияларды түзүүгө, кеңейтүүгө жана башкарууга карата окшош жагдайларда чет өлкөлүк инвесторлор улуттук инвесторлордон кем эмес жагымдуу режимди пайдаланышат.
12-берене. Инвестордун милдеттери
1. Инвестор инвестициялык ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так жүзөгө ашырууга милдеттүү, анын ичинде:
1) айлана-чөйрөнү коргоонун жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун талаптарын сактоо, анын ичинде мыйзамдарда белгиленген учурларда инвестициялык долбоорлорго милдеттүү экологиялык экспертизаларды жүргүзүү жана айлана-чөйрөгө терс таасирди минималдаштыруу үчүн эң мыкты жеткиликтүү технологияларды колдонуу жолу менен сактоо;
2) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын сактоо жана кара ниет атаандаштыкка, ошондой эле башка адамдардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зьмн келтирүүчү атаандаштыкты болтурбоого, четтетүүгө же чектөөгө багытталган аракеттерге (аракетсиздиктерге) жол бербөө;
3) эмгектин коопсуз шарттарын түзүүнү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен квалификациялуу кызматкерлерди даярдоону кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын сактоо;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткаруу.
2. Мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулар боюнча инвестор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушундай инвестициялык макулдашууда каралган келишимдик милдеттенмелерди аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө, ошондой эле инвестициялык макулдашуунун шарттарынын аткарылышы жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө.
3. Инвестор өз милдеттенмелерин же мыйзамдардын талаптарын сактабаган учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык жоопкерчилик тартат.
13-берене. Каражаттарды которуу
1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, инвесторлор өздөрүнүн финансы каражаттарын Кыргыз Республикасына жана андан эркин конвертациялануучу валютада, анын ичинде, бирок төмөнкүлөр менен чектелбестен эркин жана кечиктирбестен которууга укуктуу:
1) капиталга төгүмдөр;
2) инвестициялык иштин жыйынтыгында алынган пайда, дивиденддер, капиталдын өсүшү;
3) инвестициялардын бардык же кандай болбосун бөлүгүн сатуудан же жоюудан түшүүлөр;
4) пайыздар, роялти жана башкаруу акысы;
5) кредиттик келишимди кошуп алганда, келишим боюнча төлөмдөр;
6) экспроприация үчүн компенсациялар;
7) талаш-тартышты кароонун жыйынтыгы боюнча компетенттүү органдын чечими боюнча төлөмдөр.
2. Каражаттардын кыймылы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын адилеттүү, басмырлоосуз жана ак ниет колдонуу жолу менен кармалышы же токтотулушу мүмкүн, алар төмөнкүлөргө тиешелүү
1) банкроттукка (кудуретсиздикке) же кредиторлордун укуктарын коргоого;
2) баалуу кагаздарды (фьючерстерди, опциондорду жана деривативдерди) чыгарууга, жүгүртүүгө жана жоюуга;
3) эгерде жосун инвестициялык ишке байланыштуу болсо жана зыяндын суммасынан ашык эмес болсо, соттун чечиминин негизинде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө же кылмыш жазасына;
4) Министрлер Кабинети жана Улуттук банк тарабынан белгиленген фискалдык, экономикалык ченемдердин сакталышына.
3. Инвесторлор Кыргыз Республикасындагы алардын инвестицияларына байланышкан бардык төлөмдөргө карата Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын кандай болбосун башка валютага эркин конвертациялоого укуктуу.
14-берене. Инвестициялык макулдашууларга түз сүйлөшүүлөр жолу менен кол коюу жана инвестициялык макулдашуулардын алкагында мамлекеттик менчик объекттерин ээликтен ажыратуу
1. Эгерде инвестор инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун демилгечиси болсо, Министрлер Кабинети экономиканын артыкчылыктуу тармактарын жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларына ылайык инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык макулдашуу түзүүгө укуктуу.
Эгерде макулдашуунун суммасы ушул Мыйзамдын 31-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык келсе жана инвестор иштин ушул сыяктуу чөйрөсүндө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу тажрыйбасына ээ болсо, инвестициялык макулдашуу Министрлер Кабинетинин жана инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлүшү мүмкүн.
2. Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашууну түзүүнүн тартиби жана башка шарттары ушул беренеге ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында жер тилкелерин чет өлкөлүк жактарга өткөрүп берүү жагын караган учурларды кошпогондо, мамлекеттик менчик объекттерин ээликтен ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында ээликтен ажыратууга тыюу салуу белгиленбеген мамлекеттик менчик объекттери Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык ээликтен ажыратылышы мүмкүн.
Мындай инвестициялык макулдашуунун негизги шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- баалоо иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көз карандысыз баалоонун натыйжалары боюнча аныкталган рыноктук наркы боюнча инвесторго мамлекеттик менчик объектин ээликтен ажыратуу;
- инвестициялык макулдашууда инвестициялык долбоордун максаттарына жетүү үчүн ээликтен ажыратылуучу мамлекеттик менчик объектин ээликтен ажыратуу жана андан ары инвестор тарабынан пайдалануу ыкмасын аныктоо;
- инвестициялык макулдашуу толук ишке ашырылганга чейин ээликтен ажыратылуучу мамлекеттик менчик объекти инвестор тарабынан ээликтен ажыратылышына тыюу салуу;
- инвестициялык макулдашууда инвестор макулдашууда каралган өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда объектти мамлекеттик менчикке кайтарып берүү тартибин аныктоо.
5. Ушул берененин жоболорунун алкагында Министрлер Кабинети тарабынан инвесторлор менен түзүлүүчү инвестициялык макулдашуулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик) менен милдеттүү түрдө алдын ала макулдашылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аталган инвестициялык макулдашууларды даярдоодо, кароодо жана түзүүдө мамлекеттик органдардын жана инвестициялык процесстин башка катышуучуларынын иш-аракеттерин координациялоону жүзөгө ашырат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Министрлер Кабинети менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын борборлоштурулган реестрин жүргүзөт, анын актуалдуулугун камсыз кылат жана белгиленген тартипте түзүлгөн макулдашуулар жөнүндө маалымат берет.
(КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Инвестициялык лоттор
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Инвестициялык лотторду түзүүнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык инвестициялык конкурстук тандоону өткөрүүнүн натыйжалары боюнча инвесторго инвестициялык лотту берет.
16-берене. Инвесторлордун экспроприациялоо учурундагы укуктары
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, инвестициялар экспроприацияланууга тийиш эмес.
2. Инвестордун мүлкүн реквизициялоо табигый кырсыктар, авариялар, эпидемиялар жана эпизоотиялар сыяктуу өзгөчө кырдаалдар учурунда мамлекеттик органдардын чечими боюнча жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мүлктүн наркын милдеттүү түрдө төлөө менен жүзөгө ашырылат.
3. Инвестордун мүлкүн алып коюу, ошондой эле мүлктүн наркынын жана аны алып коюу менен келтирилген башка чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Инвестордун мүлкүн кылмыш жасагандыгы үчүн бөгөт коюу чарасы катары конфискациялоо Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Мыйзамдарда аныкталган коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюуга ошол мүлктүн рыноктук наркынын жана ээликтен ажыратуунун натыйжасында келтирилген чыгымдардын ордун бирдей өлчөмдө толтуруу шартында гана жол берилет.
Стратегиялык маанидеги инвестициялык долбоорлор жана аны ишке ашырууга багытталган инвестициялар экспроприацияланбайт.
Темир жол куруу стратегиялык маанилүү долбоор болуп саналат жана аны ишке ашырууга багытталган инвестициялар экспроприацияланууга тийиш эмес.
(КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Экспроприация үчүн ордун толтуруу
1. Инвестицияларды экспроприациялоо учурунда инвесторго бирдей өлчөмдө жана өз убагында компенсация төлөнөт.
2. Инвестицияларга баа берүү Улуттук банк тарабынан баалоо күнүнө карата белгиленген курс боюнча эркин конвертациялануучу валютада рыноктук нарк боюнча жүргүзүлөт. Компенсация ошондой эле экспроприациялоо датасынан тартып аны иш жүзүндө төлөө датасына чейинки мезгил үчүн рыноктук пайыздарды төлөөнү карайт жана алдыдагы экспроприация жөнүндө алдын ала кабардар болуу менен шартталган нарктын өзгөрүшүн камтыбайт.
Баалоо иши "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Инвестицияларды реквизициялоо учурунда инвесторго компенсация анын наркына көз карандысыз баа берүү болгон учурда мүлктүн рыноктук наркынын негизинде аныкталат.
4. Инвестицияларды улутташтыруу учурунда компенсация Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аны алып коюудан келтирилген бардык чыгымдарды эске алуу менен мүлктүн рыноктук наркынын негизинде төлөнөт.
5. Экспроприация жөнүндө дооматтар болгон учурда инвестордун талаптарын кароо Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын соттору, бейтарап соту, эл аралык арбитраж тарабынан же эл аралык келишимдерге жана инвестициялык макулдашууларга ылайык жүзөгө ашырылат.
18-берене. Кирешелерди пайдалануу
1. Инвестор өз инвестицияларын, ошондой эле инвестициялык иштен алынган кирешелерди жана пайдаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун максаттарда тоскоолдуксуз жана өз ыктыяры боюнча пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.
2. Инвесторлор түшкөн акчаларын жана башка каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук жана чет өлкөлүк валютада эсеп ачууга укуктуу. Валюталык операциялар инвесторлор тарабынан банк мыйзамдарына жана валюталык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
19-берене. Ачык маалыматты эркин алуу
1. Инвесторлордун кызыкчылыгын кандайдыр бир жол менен козгогон Кыргыз Республикасынын бардык ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотторунун чечимдери аларга жеткиликтүү болууга, ап эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларда жарыяланууга тийиш.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби жөнүндө колдонуудагы жана актуалдуу маалыматтарды расмий сайттарга ачык жайгаштырууга, ошондой эле инвесторлордун суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык кеңири жеткиликтүүлүк үчүн ачык болгон аларды кызыктырган маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
3. Инвесторлор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору, анын ичинде инвестициялык ишти жөнгө салууга тиешелүү долбоорлор менен таанышууга жана ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз сунуштарын берүүгө укуктуу.
20-берене. Жүрүү эркиндиги
Улуттук коопсуздукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү кошпогондо, чет өлкөлүк инвесторлор, алардын өкүлдөрү, ошондой эле чет өлкөлүк кызматкерлер инвестициялык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүүгө укуктуу.
21-берене. Инвестицияларды илгерилетүү жана көмөктөшүү
1. Инвесторлор инвестициялардын өлчөмдөрүнө жана багыттарына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган төмөнкүдөй дем берүүчү чараларды берүү түрүндө инвестицияларга көмөк көрсөтүү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга укуктуу:
1) салыктар жана/же салыктык жеңилдиктер, ошондой эле бажы жеңилдиктери жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча турукташтыруу режимин берүү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында пайдаланылуучу мүлктү амортизациялоонун кыскартылган мөөнөттөрүн колдонуудан турган негизги фонддорду гезинен амортизацияланышына укук берүү, бул салык салынуучу базаны азайтуунун эсебинен инвестициялардын ордун тезинен толтурууга өбөлгө түзөт;
3) техникалык жөнгө салуунун атайын эрежелери жана талаптары жок болгон учурда аларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
4) жер тилкесин пайдалануу укугун, анын ичинде суу объекттерин пайдалануу укугун берүү Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат;
5) инженердик инфратүзүмгө жана коммуникацияларга туташтыруу;
6) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан лицензияларды, уруксаттарды жана башка документтерди берүү;
7) Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык инвесторго инвестициялык виза берүү.
2. Инвестициялык макулдашууну түзүү баскычында дем берүүчү чараларды көрүү жөнүндө инвесторлордун суроо-талаптарын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4-глава. Инвесторлордун даттанууларын кароо механизми
22-берене. Инвесторлордун даттанууларын кароо механизми
1. Инвестор мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерине жана/же аракетсиздигине карата компетенттүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сотко, бейтарап сотко же эл аралык арбитражга кайрылган учурга чейин даттанууга укуктуу.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде инвестордун даттануусун кароого жана инвестордун бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чечимдерди кабыл алууга милдеттүү.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестордун даттануусун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык кызыкдар тараптар менен биргеликте төмөнкү принциптердин негизинде чечим кабыл алуу жолу менен карайт:
1) укук үстөмдүгү жана укуктук жол-жоболордун сакталышы;
2) объективдүүлүк;
3) калыстык;
4) толуктук;
5) натыйжалуулук.
3. Даттануулардын реестрин жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоо менен жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестордун даттануусун кароого, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талаптарына өз убагында жооп берүүгө, ал сураган маалыматты берүүгө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулган инвестордун даттануусун кароого катышууга милдеттүү.
5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары даттануу боюнча өз позициясын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы алынган учурдан тартып 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
6. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда инвестордун даттануусун кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган андан ары чараларды көрүү үчүн маалыматты Министрлер Кабинетине жана/же Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүүгө укуктуу.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан инвесторлордун даттанууларын кароонун жана чечүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
23-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
1. Инвестициялар менен байланышкан жана инвестордун Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишин жүзөгө ашырууда келип чыгуучу талаш-тартыштар (инвестициялык талаш-тартыш) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. Инвестициялык талаш-тартыш тараптардын макулдашуусу боюнча медиация аркылуу же болбосо талаш-тартышты сотко чейинки жөнгө салуунун башка макулдашылган ыкмалары менен жөнгө салынышы мүмкүн.
2. Эгерде инвестициялык талаш-тартыш ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте жөнгө салынбаса, инвестициялык талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын сот органдарында чечилет же колдонуудагы арбитраждык эскертмени камтыган тиешелүү жазуу жүзүндөгү макулдашуу болгон учурда, же бул талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык арбитражга берилген учурда арбитражда каралат.
(КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-глава. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвестицияларды тартуу боюнча иши
24-берене. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан инвестицияларды тартуу
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасындагы инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу боюнча ишти, анын ичинде Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу үчүн инвестициялык макулдашууларды (сунуштарды) жана долбоорлорду демилгелөө жана даярдоо, салык, бажы, жер жана алардын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча инвесторлорго тиешелүү маалымат берүү жолу менен жүзөгө ашырууга укуктуу.
2. Эгерде демилгеленген инвестициялык сунуш же инвестициялык долбоорду даярдоо башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын козгосо, мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары процесстерди оптималдаштыруу жана ресурстарды үнөмдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу үчүн бири-бири менен өз ара аракеттенет.
25-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвестициялык сунуштары
1. Мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз компетенциясына ылайык жеке инвестицияларды тартуу үчүн инвестициялык сунуштардын долбоорун даярдоону жана демилгелөөнү уюштурат.
Инвесторлор инвестициялык сунуштарынын долбоорлорун мамлекеттик органдарга жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын компетенциясына ылайык кароо үчүн жөнөтө алышат. Эгерде мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы инвестордун инвестициялык сунушунун долбоорун колдосо, анда аны андан ары илгерилетүү ушул Мыйзамдын 5-главасынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Эгерде инвестициялык сунуш эки же андан көп мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын козгосо, анда инвестициялык сунушту демилгелеген субъект биргелешкен инвестициялык сунушту даярдоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топту түзөт.
3. Инвестициялык сунуш төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) инвестициялык сунуштун аталышын;
2) инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык сунуштун мазмунунун кыскача сыпаттамасын;
3) инвестициялык сунушту ишке ашыруунун сунушталган планын;
4) сунушталуучу материалдык жана материалдык эмес активдер жөнүндө маалыматты (активдердин сыпаттамасы, жер тилкесин бөлүп берүү жана анын категориясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү, жерди которууда (трансформациялоодо) чыгымдардын наркы, карыздын суммасын көрсөтүү менен чектөөлөрдүн болушу, ошондой эле аларды алып салууга кеткен убакыт, зарыл болгон инфратүзүмдүк коммуникацияларга кошууга байланышкан чыгымдардын наркы, учурдагы уруксат берүүчү документтердин статусу, аларды алуу үчүн наркын жана убактысын көрсөтүү менен уруксат берүүчү документтерин берүү боюнча демилгечинин милдеттенмелери, иштин артыкчылыктуу түрлөрүнүн тизмегине киргизүү жана салыктык, бажылык жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматты, инвестициялык сунуштун өзгөчөлүгүнө жараша башка маалыматты);
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча инвестордун анкетасын;
6) башка маалыматтарды (зарыл болгондо).
26-берене. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвестициялык долбоорлору
1. Мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз компетенциясына ылайык жеке инвестицияларды тартуу үчүн инвестициялык долбоорлорду даярдоону жана демилгелөөнү уюштурат.
Инвесторлор даярдалган инвестициялык долбоорлорду өз компетенциясына ылайык мамлекеттик органдарга жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароо үчүн жөнөтө алышат. Эгерде мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы инвестордун даярдалган инвестициялык долбоорун колдосо, анда аны андан ары илгерилетүү ушул Мыйзамдын 5-главасынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Эгерде инвестициялык долбоор эки же андан көп мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын козгосо, анда инвестициялык долбоорду демилгелөөчү субъект биргелешкен инвестициялык долбоорду даярдоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топту түзөт.
3. Инвестициялык долбоор төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) инвестициялык долбоордун аталышын;
2) инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча бизнес-пландын кыскача сыпаттамасын;
3) күтүлүүчү өнүмдөрдүн (товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөлөрүн;
4) акыркы өнүмдү илгерилетүү боюнча иштелип чыккан маркетинг саясаты менен тышкы чөйрөнүн (сатып алуучулар, берүүчүлөр, атаандаштар ж.б.) сыпаттамасын;
5) продукцияны (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) чыгаруунун пландалган көлөмүн жана түзүлгөн план менен түшкөн каражатты аныктоону;
6) финансылык жана техникалык-экономикалык эсептөөлөр, ошондой эле сметаларды;
7) адам ресурстарын уюштуруу жана башкаруу процессинин сыпаттамасын;
8) каржылоо графиги менен зарыл болгон инвестициялардын болжолдуу көлөмүн;
9) инвестициялык долбоорду ишке ашырууда мүмкүн болгон тобокелдиктерди аларды минималдаштыруу ыкмаларын иштеп чыгуу менен талдоону;
10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча инвестордун анкетасын;
11) инвестициялык долбоорго зарыл болгон тиркемелерди;
12) эгерде анын зарылдыгы мыйзамдарда аныкталса, инвестициялык долбоорду мамлекеттик экологиялык экспертизалоонун натыйжаларын, ошондой эле экологиялык тобокелдиктерди жана таасир этүүлөрдү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө маалыматты.
27-берене. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду макулдашуу
1. Мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары даярдалган инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга жиберет.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган келип түшкөн инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду берилген документтердин толуктугу жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келиши жагынан карайт.
Эгерде инвестициялык сунуштун долбоору же инвестициялык долбоор эки же андан көп мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясын козгосо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аны кароо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүгө укуктуу.
3. Инвестициялык сунуштарды кароо мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпайт, ал эми инвестициялык долбоорлорду кароо мөөнөтү 60 календардык күндөн ашпайт.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдүн чегинде макулдашуу жол-жобосунун алкагында аларды демилгелеген мамлекеттик органдардан жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан кошумча документтерди жана түшүндүрмөлөрдү сурап алууга укуктуу.
5. Инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган аларды макулдашат же болбосо себептерин негиздөө менен толуктап иштеп чыгууга кайтарат.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык сунуштардын жана инвестициялык долбоорлордун реестрин жүргүзөт, алар милдеттүү түрдө анын расмий сайтына жайгаштырылат.
28-берене. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан инвестициялык долбоорлорго карата талаптар
1. Мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестициялык долбоорлорду демилгелөөдө төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) каржылоонун минималдуу өлчөмү;
2) инвесторго коюлган квалификациялык талаптар;
3) тиешелүү дем берүүчү чараларды көрүү мүмкүнчүлүгү;
4) инвестицияларга карата башка талаптар (зарыл болгондо).
2. Чет мамлекеттин мыйзамдарында инвестициялоо үчүн башка мөөнөттөр жана шарттар каралгандан башка учурлардан тышкары, инвестор инвестициялык долбоор боюнча инвестициялык макулдашуу түзүлгөндөн кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен тастыктоочу документти берүү менен түз инвестициялардын кепилденген өлчөмүнүн суммасынын 10 пайызынан кем эмеси топтолуучу атайын эсепти ачат.
3. Мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен инвестициялык долбоорду ишке ашыруучу инвесторго түз инвестициялардын кепилденген өлчөмүнүн минималдуу суммасы киргизилгенден кийин дем берүүчү чараларды алуу укугу берилет.
29-берене. Инвестициялык сунуштар жана инвестициялык долбоорлор боюнча конкурстар
1. Инвестициялык сунуш же инвестициялык долбоор боюнча инвесторду тандоо ачык конкурс өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.
2. Инвестициялык сунуш же долбоор боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган инвестор ачык конкурстун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
Мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ачык конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты өздөрүнүн расмий веб-сайттарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жарыялайт.
3. Инвестициялык сунуштар же инвестициялык долбоорлор боюнча конкурсту өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
30-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвестициялык макулдашууну түзүүдөгү иш-аракеттери
1. Мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестициялык макулдашуу түзүлгөнгө чейин потенциалдуу инвестордун ишкердик аброюна, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча анын иш тажрыйбасына, ошондой эле ачык булактардан анын финансылык туруктуулугуна, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга алдын ала иликтөө жүргүзөт.
2. Мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ачык булактардан алынган маалымат жетишсиз болгон учурда тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдан, улуттук коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдан, ошондой эле инвестордон кошумча маалымат суратып алууга укуктуу.
31-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кагышуусу менен инвестициялык макулдашуу
1. Инвестициялык макулдашуу боюнча тараптар катары Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгууга укуктуу.
2. Инвестициялардын суммасына жараша инвестициялык макулдашуунун тарабы болуп төмөнкүлөр чыгат:
1) шаарлардын мэрияларын кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы - 1 миллиондон 50 миллион сомго чейин;
2) шаарлардын мэрияларын кошпогондо, эки жана андан ашык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы - 1 миллиондон 200 миллион сомго чейин;
3) Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, шаарлардын мэриялары - 1 миллиондон 300 миллион сомго чейин;
4) Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, эки жана андан ашык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, алардын ичинде шаардын мэриясы - 1 миллиондон 400 миллион сомго чейин;
5) Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - 1 миллиондон 1 миллиард сомго чейин;
6) министрлик же ведомство - 1 миллиондон 1 миллиард сомго чейин;
7) Министрлер Кабинети - 1 миллиард сом жана андан ашык.
3. Мында ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн босоголук суммалар ашып кеткен учурда, инвестициялык макулдашууга Министрлер Кабинетинин иш-аракеттерин түздөн-түз координациялоодо бир же бир нече мамлекеттик органдар/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышат.
4. Инвестор тарабынан түзүлгөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуу салыктык, бажылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган башка жеңилдиктерди жана преференциялардын берилишин белгилей албайт.
32-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен инвестициялык макулдашуунун түзүмү
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен инвестициялык макулдашууга төмөнкүдөй минималдуу шарттар киргизилет:
1) инвестициялык макулдашуунун предмети;
2) инвестициялык макулдашуунун тараптары;
3) тараптардын укуктары жана милдеттери;
4) инвестициялык макулдашуунун катышуучуларынын милдеттенмелерин каржылоону жана аткарууну контролдоону кошо алганда, инвестициялык долбоорду ишке ашырууну башкарууну уюштуруу маселелери;
5) тике жана кыйыр инвестициялардын катышын көрсөтүү менен каржылоонун көлөмү жана булактары (алар болгондо);
6) дем берүүчү чараларды берүү шарттары жана мөөнөттөрү (алар берилген учурда);
7) инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун графиги жана аны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби менен мөөнөттөрү;
8) чыгымдардын ордун толтуруу жана кирешелерди бөлүштүрүү тартиби;
9) төлөмдөрдүн кезектүүлүгүнүн, анын ичинде инвестициялык макулдашууну колдонууну токтотуп туруудагы же болбосо мөөнөтүнөн мурда токтотуудагы тартиби;
10) инвестициялык макулдашуунун колдонулушу токтотулгандан кийин анын аткарылышына байланыштуу активдердин юридикалык келечегин аныктоо;
11) инвестициялык макулдашуунун колдонулушун токтото туруу же токтотуу учурлары, анын ичинде анын колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу шарттары;
12) инвестициялык макулдашуунун шарттарын сактабагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги;
13) инвестициялык макулдашууну колдонуу мөөнөтү;
14) форс-мажордук жагдайлар жана алардын келип чыгышынын кесепеттери;
15) инвестициялык макулдашууну ишке ашырууга байланышкан талаш-тартыштарды чечүү тартиби жана жөнгө салуу мөөнөттөрү.
2. Тараптардын макулдашуусу боюнча инвестициялык макулдашуу инвестициялык долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша өзүнө башка шарттарды да камтышы мүмкүн.
3. Инвестициялык макулдашуунун типтүү формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
4. Инвестордун инвестициялык макулдашуу боюнча инвестицияларды салуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоосу инвестициялык макулдашууну мөөнөтүнөн мурда бузуу жана берилген дем берүүчү чаралардын суммасына инвестордон каражаттарды өндүрүп алуу үчүн негиз болуп саналат.
33-берене. Чет өлкөлүк инвесторлорду аккредитациялоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашырууну пландоочу чет өлкөлүк инвесторлор аккредитациядан ыктыярдуу негизде өтүүгө укуктуу.
2. Чет өлкөлүк инвесторлорду аккредитациялоонун тартиби жана критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
34-берене. Инвестициялык макулдашууну түзүү
1. Инвестициялык макулдашуу конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жана конкурсту өткөргөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайттарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлөт.
2. Инвестициялык макулдашуу инвестор оң абройго, иштин окшош чөйрөсүндө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун уникалдуу билимине, тажрыйбасына ээ болгон, ишке ашырылып жаткан долбоорду каржылоонун булагы жөнүндө маалыматтар бар, тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана башкаруу үчүн жооп берген мамлекеттик органдын линиясы боюнча жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын линиясы боюнча инвестор жөнүндө маалыматы болгон шартта түзүлүшү мүмкүн.
6-глава. Корутунду жоболор
35-берене. Өткөөл жоболор
Ушул Мыйзамдын колдонулушу ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасында жүзөгө ашырылган колдонуудагы инвестицияларга карата инвесторго кыйла ыңгайлуу болгон бөлүгүндө гана колдонулары белгиленсин.
36-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 252-ст.);
2) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 14-июнундагы № 76 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 442-ст.);
3) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы № 144 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 8-августу, № 58);
4) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 127 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 591-ст.);
5) "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 141 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 363-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 16-июлундагы № 222 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 732-ст.);
7) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 871-ст.);
8) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 6-февралындагы № 31 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 2, 118-ст.);
9) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 13-февралындагы № 32 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 2, 119-ст.);
10) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын 5-беренесинин 15-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1184-ст.);
11) "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 4, 205-ст.);
12) "Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамынын 10-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 487-ст.);
13) "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын 4-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 5-январы, № 1);
14) "Кыргыз Республикасынын Баткен областына өзгөчө статус берилгенине байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118 Мыйзамынын 3-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 24-сентябры, № 99);
15) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 9-августундагы № 90 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 12-августу, № 70);
16) "Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын 10-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 3-марты, № 16);
17) "Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын 9-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 26-апрели, № 32).
3. Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |