Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши
кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ
2025 –жылдын “ 10 ”июлу №7-1
“Жусуп Абдрахманов айыл өкмөтүнүн “Социалдык маселелер” боюнча комиссия жөнүндө жалпы Жобону бекитүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын үй-бүлө Кодексинин”, “Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жүзөгө ашыруу масатында иштелип чыккан Жобо жөнүндө Жусуп Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.М.Агатаеванын жана социалдык маселелер боюнча башкы адис Г.А.Мамбетованын сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
- Жусуп Абдрахманов айыл өкмөтүнүн “Социалдык маселелер” боюнча комиссия жөнүндө жалпы Жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет)
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы социалдык маселелер боюнча башкы адис Г.А.Мамбетовага жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан коргоо, санитардык-ветеринардык коопсуздук, эмгек миграция жана дин маселеси менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев