Редакцияот 22.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин

 

кезектеги 7- сессиясы

 

ТОКТОМ

 

2025 –жылдын “ 10 ”июлу №7-5                                     .

 

“Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”

 

            Жусуп Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Т.М.Агатаеванын  жана “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Ш.Эсеналиевдин сунушун угуп, талкуулап  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

 

  1. “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасына техникаларын оңдоого жана жумушчуларына айлык акысын берүүгө 500 000(беш жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен субсидия катары бөлүнүп берилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчы Т.М.Агатаевага жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага  милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                          А.Ш.Кыштобаев