Редакцияот 22.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 

 

кезексиз 8- сессиясы

 

ТОКТОМ

 

2025 –жылдын “ 21 ”июлу №8-2                                                                   

 

“Жер тилкесин акысыз негизде айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жана муниципалдык менчигине бекитүү жөнүндө”

 

             Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевдин жана финансы – экономикалык бөлүмдүн башчысы З.М.Аттоеванын сунушун угуп, талкуулап  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

 

  1. Ананьево айылындагы идентификациялык коду –2-03-11-1001-2598 Плодопитомник -1 участкасындагы №8 дарегинде жайгашкан Маметев Василий Мефодьевичтин наамына алынган Мамлекеттик актысы  боюнча 1876,8м2 жер тилкесинин – 1276,8м2 жер тилкеси(600,0м2 – өзүнө калтырылсын) акысыз негизде Маметев Василий Мефодьевичтин макулдугу жана өз ыктыяры менен берген кайрылуусунун негизинде айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын жана муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевке жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ  ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж.   №28/1-5-токтомунун негизинде мамлекеттик  тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

 

 

 

Төрага                                                              А.Ш.Кыштобаев